Меню навигации+

Президент Алмазбек Атамбаевдин Конституциялык палатанын судьялары менен жолугушуусу болду

06.07.2013

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президент Алмазбек Атамбаевдин Конституциялык палатанын судьялары менен жолугушуусу болду. Президент судьяларды Конституциялык палатанын ишинин башталышы менен куттуктап, жаӊы шайланган Конституциялык палатанын курамы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ак ниет жана жан дили менен кызмат кылат, конституциялык мыйзамдуулуктун принциптерин милдеттүү түрдө колдонот жана жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндигин эффективдүү коргойт деген үмүтүн билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө сот реформасынын актуалдуу маселелери жана  Конституциялык палатанын Кыргыз Республикасынын сот системасындагы ролу талкууланды.

65356536 (1)