Меню навигации+

Соттук реформа боюнча кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү

01.10.2013

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өлкөнүн Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү. Отурумга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары Эркинбек Мамыров катышты.

Отурумдун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин сот системасын реформалоонун өзгөчө маанисин белгилеп, жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишеними көпчүлүк учурда сот корпусунун жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө көз каранды экендигин белгиледи.

Жыйында кеңештин мүчөлөрү болгон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары судьяларды сынак аркылуу тандап алууну жакшыртууга багытталган өздөрүнүн мыйзам долбоорлорун сунушташты, ошондой эле судьялардын кесиптик милдетин аткаруу, мыйзамдарды жана Судьянын намысынын кодексин так аткаруу боюнча судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында эксперттик иш тобунун сунуштарын талкуулашты. Мындан тышкары, өлкөнүн аскердик сотторун жоюу боюнча демилгелерди камтыган ойлор дагы айтылды. Ѳз учурунда мамлекет башчы, сот реформасынын алкагында аскердик сотторду жоюу сунушу азырынча эрте экендигин белгиледи.

Кеңештин мүчөлөрү сунушталган документтердин долбоорлору боюнча өз сунуштарын жана пикирлерин айтып, аларды кеңештин жакынкы жыйында талкуулоону чечишти.

7694

7692