Меню навигации+

Конституциялык палатанын Тѳрагасынын кеңешчиси Президенттин энчилүү сааты менен сыйланды

05.06.2017

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Соттук реформа боюнча кеңештин XII жыйыны болуп ѳттү.

 

Иш чарада Президент Алмазбек Атамбаев соттук реформанын укуктук негиздерин түптѳѳгѳ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ѳркүндѳтүүгѳ салым кошкондугу үчүн сыйлыктарды тапшырды.

 

Конституциялык палатанын Тѳрагасынын кеңешчиси Марат Джаманкулов Кыргыз Республикасынын Президентини энчилүү сааты менен сыйланды.