Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялары эл аралык конференцияга катышты

05.07.2013

Конституциялык палатанын судьялары Ч. Айдарбекова жана К. Сооронкулова Европа Кеңешинин министрлер комитетинде Армениянын төрагалык болуусунун алкагында Ереван шаарында өтүп жаткан «Европа Кеңешинин мүчө-мамлекеттеринде укуктун үстөмдүгүнүн Европалык стандарттары жана бийликтин ыктыярынын чеги»  эл аралык конференцияга катышып келишти. Конференциянын ишине адам укуктары боюнча Европалык соттун төрагасы Д. Шпильман, Венециялык комиссиянын төрагасы  Дж.Буккикио, ошондой эле 32 мамлекеттен жана эл аралык уюмдардан 80ден ашык өкүлдөр катышышкан. 3-июлда конференциянын катышуучуларынын Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян менен жолугушуусу болуп өттү.

Конференция мыйзам чөйрөсүндө жана укук колдонуу ишкердигинде  дискрециялык ыйгарым укуктарды ишке ашырууда улуттук бийликтин  укуктун үстөмдүгү принцибин катуу кармануусу белгиленген меморандумду кабыл алуу менен аяктады.