Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкеринин күнүнүн урматына Конституциялык палатанын судьялары сыйланды

03.03.2017

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкеринин күнүнүн урматына судья Курмантай Абдиев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2017-жылдын 2-мартындагы №5 Токтому менен II-даражадагы «Кыргыз Республикасынын сот тутумунун мыктысы» медалы менен сыйланды, Конституциялык палатанын төрагасынын сунушунун негизинде.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 2-мартындагы №160 Буйругу менен ак ниет иши жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн  судья Осконбаев Эмиль Жолдошевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйланды, Конституциялык палатанын төрагасынын сунушунун негизинде.