Меню навигации+

Бишкекте укуктун булагы катары Конституциялык палатанын чечиминин укуктук табиятын талкуу болду

19.06.2017

 

 








































 








































 








































 








































 

Бишкекте 16-июнда «Укуктун булагы катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими» аттуу темада илимий-практикалык конференция өттү, конференциянын ишине Жогорку Кеңештин депутаттары, аткаруучулук, соттук жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле илимий чөйрөлөрдүн, эксперттик коомчулуктун, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

 

Конференцияга катышуу үчүн Армения жана Молдовиядан эл аралык эксперттер чакырылган.

 

Иш-чаранын негизги максаты Конституциялык палатанын чечимдеринин укуктук табияты тууралуу маселеде пикир алмашуу болуучу.

 

«Конституциялык палата мыйзамдар талап кылгандай тек гана укук маселесин белгилеп, чечип келген, тажрыйбага негизденип бүгүнкү теманы сунуштады, бул тема жөн келип чыккан жок» – деп сөзүн баштады Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыров.«Конституциялык палатанын чечимдери бул укук булагы деп кеп салганда, аны мыйзам ордуна прецедент кылып жаратуу тууралуу кеп жок, кептин баары Кыргыз Республикасында конституциялык мыйзамдуулукту бекемдөөдө» – деп белгиледи Төрага.

 

Конференциянын ишинин алкагында эл аралык эксперттер, илимий чөйрөлөрдүн жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, ошондой эле Конституциялык палатанын судьялары тематикалык баяндамалары менен чыгып сүйлөштү.

 

Молдованын юстиция экс-министри Владмир Гросу өзүнүн сөзүндө мамлекеттин мыйзамдары жана конституциялык контролдоо органдарынын чечимдеринин ортосунда ажырагыс байланыш бар деп белгиледи. «Конституциялык контролдоо органы тарабынан мыйзам чыгаруучу же аткаруучу орган чыгарган актылардын конституциялуулугу текшерилген мамлекеттерде башкача болушу да мүмкүн эмес. Бул аксиома конституциялык контролдоо органдарынын чечимдеринин милдеттүү мүнөзүнө негизделет. Албетте, конституциялык соттордун чечимдери укук булагы болуп саналат деп эч жерде жазылган эмес. Бирок, бул чечимдер андай эмес дегенди билдирбейт. Молдовада, Арменияда, Кыргызстанда да Конституциялык палатанын чечими өзүнүн белгилери боюнча укук булагы болуп саналат» – деп белгиледи экс-министр.

 

«Укуктун кайсыл болбосун тутумунда ченем канчалык так баяндалган учурда да соттук түшүндүрүү элементи болбой койбойт. Демейде, кайсы бир ченемдик актынын конституциялуулугун аныктап жатып, ал калыстыктын, укуктук тактыктын, көздөгөн максаттын өлчөмдөштүгүнүн жана ага жетишүүнүн укуктук каражаттардын талаптарына канчалык туура келет деген маселени конституциялык сот карайт» – деп белгиледи Альвина Гюлумян, Армения Конституциялык сотунун судьясы.

 

Конституциялык палатанын судья-катчысы Меергуль Бобукеева Конституциялык палатанын чечимдеринин улуттук мыйзамдарга таасири жөнүндө айтып жатып, алардын квазиченемдик мүнөзүн белгилеген. «Конституциялык эмес ченемдик укуктук актылар Конституциялык палатанын чечимдеринин натыйжасында юридикалык күчүн жоготуусу, ченем жаратуучу органдын чечими сыяктуу мезгилде, мейкиндикте жана чөйрөдөгү адамдарга таасири бар чечим. Бул Конституциялык палатаны өзгөчө институт экени, анын чечимдерин мамлекеттик бийликтин бир да башка органы кайра карай албайт жана ал Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарылууга тийиштүү, мына орчундуулугу ушунчалык» – деди судья-катчы.

 

Юридикалык илимдердин доктору Бекбосун Борубашев Конституциялык палатанын укуктук көз караштар темасындагы сөзүндө, каралып жаткан иштин жыйынтыгы боюнча Палатанын маанилүү укуктук идеялар болгон укуктук көз караштар Конституциялык палатанын чечимдерине бир жагынан укук булактарынын ченемдик-укуктук сапаттарына ээ кылат да, ал эми башка жагынан укуктук булактардын бул түрүнө конституциялык-доктриналык табиятын касиетке ээ кылат деп белгиледи.

 

Өз кезегинде Бактыбек Рысмендеев юридикалык илимдердин доктору бир жагынан соттук орган катары, башка жагынан мамлекетик бийликтин жогорку органы катары чыгарган чечимдерине белги салган Конституциялык палатанын өзгөчө табиятын белгилеген. «Конституциялык палатанын чечимдери укуктук актылар тутумунда өзгөчө орунга ээ, анткени алар өзүнө укук колдонуучулук дагы, ченем белгилөөчүлүк актылар сапаттарын өзүнө айкалыштырат. Өз компетенциясы чегинде каралып жаткан иштердин чечилүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Конституциялык палатанын конституциялык-контролдоо ишмерлигинин натыйжаларын Конституциялык палатанын чечимдеринде бекемдөөнүн өзүнө таандык юридикалык формасы бар» – деп ал кошумчалады.

 

Конференциянын жүрүшүндө Алия Маралбаева, юридикалык илимдердин кандидаты Кыргызстанда укуктук системанын трансформациясы мезгилинде мыйзамдуулукту бекемдөө үчүн конституциялык-аткаруучулук өндүрүштү Конституциялык палатанын чечимдерин аткарууга мамлекеттик мажбурлоо чараларын мыйзамдарда бекитүү менен деталдаштыруу керек деген пикирди айтты.

 

Конференциянын жыйынтыктарын чыгарып, бардык катышуучулар укуктук жана демократиялык мамлекетти калыптандырууда конституциялык контролдоо органдарынын чечимдеринин ролу өзгөчө деп белгилешти да, Конституциялык палатанын чечимдери өзүнүн юридикалык белгилери боюнча укук булагы болуп саналат деген пикирге макул болушту.

 

Иш-чараны Европа Союзу каржылаган жана Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коому (GIZ) жүзөгө ашырып жаткан «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоорунун колдоосу менен Конституциялык палата уюштурган.