Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы күчүнө кирди

28.06.2013

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы күчүнө кирди. Киргизилген өзгөртүүгө ылайык Конституциялык палата өзүнүн ыйгарым укуктуу курамын түзгөндөн кийин төраганы, төраганын орун басарын, судья-катчыны шайлайт жана дароо ишке киришет.

Бүгүнкү күнү Конституциялык палатага тогуз судья шайланды. Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан  2011-жылдын 15-августунда Э.Осконбаев жана К.Сооронкулова, 2012-жылдын  21-ноябрында   М.Бобукеева, М.Касымалиев, Э.Мамыров, 2013-жылдын 15-майында   Ч. Айдарбекова, Д. Макешов, А. Нарынбекова жана Ч. Осмонова шайланган.