Меню навигации+

Жазык-процесстик кодекстин 378-беренесинин 2-бѳлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

24.05.2017

2017-жылдын 24-майында Конституциялык палата Жазык-процесстик кодекстин 378-беренесинин 2-бѳлүгүнүн «Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт» деген ченемдик жобосунун конституциялуугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, аны төмөнкүдөй жүйѳлѳргѳ ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 99-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп тапты.

 

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик мыйзамына ылайык кѳзѳмѳл инстанциядагы сот ѳкүмдүн мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүдѳ тараптардын ѳтүнүчүн эске алуу менен соттук жыйында соттолуучу менен айыптоочунун бирдей деңгээлде катышуу керектигин тааныйт жана алардын соттук жыйынга келүүсүн камсыздоо үчүн тиешелүү чараларды колдонот. Териштирилип жаткан ишке байланыштуу болгон маселелерди кароодо тараптар бирдей укуктарга ээ болушат жана атаандаштык принциптин негизинде кѳзѳмѳл инстанциянын алдында эч жолтоосуз ѳз позицияларын айтууга жана негиздемелерин ырастоого укуктуу.

 

Конституциялуулугу талашылып жаткан ченем тараптардын сотко келбей калган учурларында ишти кароону алардын катышуусуз жүргүзүүгѳ мүмкүнчүлүк гана түзѳт. Бирок, бул көзөмөл инстанциясындагы сотту иш карай турган күн жөнүндө тараптарды талапка ылайык маалымдоо милдетинен бошотпойт. Ошондуктан, сот талапка ылайык маалымдалган тараптардын сотко келүүсүн текшерип, кайсы бир тараптын катышуусуз ишти кароо мүмкүнчүлүгү тууралуу маселени протоколго киргизүү менен чечүүгө тийиш.

 

Сот отурумдун убактысы жана орду жѳнүндѳ бекитилген тартипте маалымдалган тараптардын келбей калышы, алардын соттук териштирүүгѳ түздѳн-түз катышуу укугун жана башка процессуалдык укуктарын ишке ашыруудан баш тартууну күбѳлѳгѳн ѳз эрктерин билдирүү болуп саналат. Ошондуктан мындай жагдай кѳзѳмѳл инстанцияда ишти маңызы боюнча кароого тоскоол болушу мүмкүн эмес. Себеби, көзөмөл тартипте бир гана биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун материалдык жана процессуалдык укуктун ченемдерин колдонуусунун тууралыгы, далилдерге туура баа берилиши, соттук чечимдердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү текшерилет, сот ишти кароодо жаңы далилдерди изилдебейт жана каралып жаткан иштин жагдайларынын алкагынан чыкпайт.

 

 

Отурумда төрагалык кылуучу       Мамыров Эркинбек Тобокелович

Судья-баяндамачы                               Осмонова Чолпон Омоковна