Н.Ж. Жаныбековдун жана С.А. Матцаковдун өтүнүчү боюнча пресс-анонс
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2026-жылдын 15-сентябрындагы аныктамасы менен Н.Ж. Жаныбековдун жана С.А. Матцаковдун Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 554-беренесинин 4-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 100-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Кайрылуу субъекттеринин позициясы
Арыз ээлери укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттануу боюнча кабыл алынган биринчи инстанциядагы соттун токтомуна даттанууда, талашылып жаткан ченемге ылайык, апелляциялык сот үч гана чечимдин бирин кабыл алуу менен чектелгенин белгилешет: апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз калтыруу; ыйгарым укуктуу органдын токтомун өзгөртүүсүз калтыруу менен биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгаруу; же биринчи инстанциядагы соттун жана ыйгарым укуктуу органдын токтомдорун жокко чыгаруу жана иш боюнча өндүрүштү токтотуу.
Мында апелляциялык сот, эгерде сот актысынын мыйзамсыздыгын же негизсиздигин аныктаса да, жол берилген бузууларды четтетүү үчүн иштин маңызы боюнча жаңы чечим кабыл алуу, сот актысын өзгөртүү же ишти жаңыдан кароого жөнөтүү ыйгарым укуктарына ээ эмес.
Арыз ээлеринин пикири боюнча, мындай чектөө натыйжалуу соттук коргоого тоскоолдук кылат жана ишти жогору турган сот инстанциясында кайра кароонун конституциялык кепилдиктерине карама-каршы келет.
Арыз ээлери ошондой эле мурда колдонулган мыйзамдарда апелляциялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктарынын кыйла кеңири көлөмү каралганын, ал эми алардын кийинчерээк алып салынышы, алардын пикири боюнча, соттук коргоонун мүмкүнчүлүктөрүнүн кыскарышына алып келгенин белгилешет.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, кайрылуунун авторлору талашылып жаткан ченемди апелляциялык инстанциядагы соттун жаңы чечим кабыл алуу, сот актысын өзгөртүү же ишти жаңыдан кароого жөнөтүү боюнча ыйгарым укуктарын жокко чыгарган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну өтүнүшөт.






