Меню навигации+

Судья Жаныбек кызы Венеранын суроо-талабы

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 26-октябрындагы аныктамасы менен судья Жаныбек кызы Венеранын «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө суроо-талабы өндүрүшкө кабыл алынды.

Кайрылуу субъектинин көз карашы

Талашылып жаткан ченемге ылайык, эгерде камсыздандыруу учуру камсыздандырылган адам тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук коркунучтуу деп табылган жосун жасалгандыгынын натыйжасында келип чыкса, камсыздандыруучу милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасын төлөөдөн бошотулат.

Судья, талашып жаткан ченем конкреттүү, юридикалык жактан аныкталган мүнөзгө ээ эмес, анткени анда камсыздандыруу суммасын төлөөдөн баш тартууга кайсы процесстик акт негиз болоору көрсөтүлгөн эмес деп белгилейт.

Жаныбек кызы Венера белгилегендей, тиешелүү органдардын камсыздандыруу суммасын төлөөдөн баш тартуусуна негиз болгон шектенүү жөнүндө билдирүү, кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтом окуяны коомдук коркунучтуу жосун катары аныктоочу сот актылары болуп саналбайт, анткени окуя жана кылмыштын курамы соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыптоо өкүмүн чыгаруу менен далилденүүгө тийиш.

Ушуга байланыштуу, кайрылуу субъекти талашылып жаткан ченемдин күнөөсүздүк презумпциясы принцибин, жана айыпты далилдөө түйшүгү айыптоочу тарапка жүктөлөт деп караштырган Конституциянын 57-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсү күмөндүүлүктү жаратат деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, кайрылуу субъекти талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсүн текшерүүнү өтүнөт.