Меню навигации+

Конституциялык палата 2014-жылдын 13-январындагы №01-Р чечимин түшүндүрүү жѳнүндѳ токтом кабыл алды

2014-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ѳтүнүчүнѳ байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 34-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктунун ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 13-январындагы №01-Р чечимин түшүндүрүү жѳнүндѳ токтом кабыл алды.

 

Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 13-январындагы №01-Р чечимин, тергөөнүн караштуулугуна карабастан, кылмыш иштери боюнча тергөө аларга карата прокуратура органдары гана тарабынан жүргүзүлүүчү кызмат адамдарынын тизмегин аныктоо бѳлүгүндѳ жана Конституциялык палатанын чечимдери ѳткѳн мезгилге карата колдонулабы, бул чечим кабыл алынганга чейин кылмыш иштеринин алкагында чыгарылган тергѳѳ органдарынын процесстик документтери Конституциялык палатанын чечимине ылайык келтирилиши керекпи деген суроолор боюнча түшүндүрүү берүүнү суранган.

 

Башкы прокуратуранын ѳтүнүчүн карап чыгып, Конституциялык палата коюлган суроолордун алкагында Конституциялык палатанын 2014-жылдын 13-январындагы №01-Р чечимине тѳмѳнкүдѳй түшүндүрүү берди:

1) Мыйзам менен жөнгө салынганга чейин, мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына, алар тарабынан жасалган кылмыштар боюнча, кылмыш иштерин тергөөнү прокурор башка тергөө органдарына тапшырууга, берүүгө жол берилбей турган Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңештин депутаттары, Премьер-министр, Өкмөт мүчөлөрү, судьялар, мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери, Конституциянын жетинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн кызмат адамдары кирет.

2) Конституциялык палатанын 2014-жылдын 13-январындагы № 01-Р чечими прокуратура органдарынын, ошондой эле башка укук коргоо органдарынын тергөө бөлүктөрүнүн Конституциялык палатанын бул чечими күчүнѳ киргенге чейин кабыл алынган процесстик иш-аракеттерине жана чечимдерине ѳткѳн мезгилге карата колдонулбайт.

3) Конституциялык палата тарабынан конституциялуу эмес деп таанылган мыйзам, башка ченемдик укуктук акт же болбосо өз алдынча ченемдик жобо соттук актыны кабыл алууга негиз болгон гана учурда, Конституциялык палатанын чечимдери соттук актыларга ѳткѳн мезгилге карата колдонулушат.

 

Конституциялык  палатанын бул токтому Конституциялык палатанын 2014-жылдын 13-январындагы № 01-Р чечиминин түшүндүрмөсүн камтыган токтом катары, жарыяланган учурдан тартып, түшүндүрмөлөнүп жаткан чечимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат жана аны менен бирге Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин колдонулууга тийиш.