Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 21-беренесинин 7-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

Үстүбүздөгү жылы 29-октябрда Конституциялык палата тарабынан аппеляциялык тартипте судьядан баш тартууга болгон жеке даттанууну караган маселелерди жөнгө салуучу ЖПКнын 21-беренесинин 7-пунктунун конституциялуулугу жѳнүндѳ чечим чыгарылган.

Ошентип, Конституциялык палатага жарандар Н.Н. Сабиров, М.М. Саадуев, А.М. Осмоналиева, Г.А. Суталинова, Б.К. Осмонбаевдердин арбитраждык соттордун мурда кабыл алынган чечимдеринин преюдициалдуулугун аныктаган ЖПКнын 65-беренесинин 4-пунктун жана 21-беренесинин 7-пунктунун ченемдик жоболорун конституциялуу эмес жана Конституцияга каршы келет деп табуу жѳнүндѳ кайрылышкан.

 

Арыз ээлеринин пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 21-беренесинин 7-пунктуна ылайык судьядан баш тартуу же судьянын өзүнүн баш тартуусу жөнүндө сотту аныктоого жеке даттануу аппеляциялык даттануу менен бир убакта каралган иш боюнча соттун чечимине берилет. Буга байланыштуу, арыз ээлери, судьянын калыстыгы жана көз карандысыздыгы маселесинде акыркы жыйынтык чыгарылмайынча, ишти калыстыгы жана көз карандысыздыгы шек жараткан судьянын карашын ылайыксыз деп эсептешет.

 

Анын үстүнѳ, Арбитраждык процессуалдык кодекси күчүн жоготконуна жана арбитраждык соттор жоюлганына карабастан, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 65-беренесинин 4-пунктунун ченеми мурдагы редакцияда калган. Талашка түшкөн ченем, Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралбаган арбитраждык соттордун сот актыларына преюдициалдуулукту берет.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактын иш боюнча берген түшүндүрмѳнү угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.

Ар бирине көз карандысыз жана калыс сот тарабынан акыйкат териштирүүгѳ болгон укукту камсыз кылуу институционалдык жана процесстик аспектилерге ээ.

Соттук калыстыгынын так процесстик аспектиси сот өндүрүшүнүн бардык түрлөрүнө жана бардык судьяларга карата судьядан баш тартуу же судьянын өзүнүн баш тартуу соттун өз талапкерлигине каршы чыгуу институтунда ачык көрүнөт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жазма буйруктарын ишке ашырууга багытталган (40-беренесинин 1-бѳлүгү, 94-беренесинин 1-бѳлүгү, 99-беренесинин 3-бѳлүгү).

 

Судьянын калыстыгы жана жаман ойдо болбогондугу тууралуу жыйынтык чыгаруу, баарынан мурда соттук актыда негизделген болушу керек, өзгөчө анын жүйөөлөнгөн бөлүгүндө. Так ошол судья сот актысында өзүнүн тигил же бул чечимди кабыл алгандыгы жѳнүндѳ канчалык кенен жана түшүнүктүү кылып жазгандыгынан жана далилдерди баалаганынан улам, андан жогору турган сот инстанциялары анын калыстыгынын бардыгы же жоктугу тууралуу баа бере алышат. Ошондуктан, түзүлүп калган соттун чечимине жеке арызды апелляциялык арыз менен бирге кароону соттук укукту жана акыйкат сот адилеттигине болгон укукту бузуу катары караганга болбойт. Мындай судьяны баш тартуудан жѳнүндѳ даттануу тартиби сот процессин созуу максатында берилген процесстик укуктарды кыянаттык менен пайдаланууну жок кылууга багытталган.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 17-беренесинде каралган судьядан баш тартуу жѳнүндѳ өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндөгү соттун аныктамасына даттануу тартиби соттун калыстыгы принциби менен ишти тиешелүү мөөнөттө кароонун ортосундагы тең салмакты камсыз кылууга багытталган деп эсептейт, жана судьядан баш тартуу аргументтешпеген жүйөөлөрүн четтетет, бардыгын көз карандысыз жана калыс сот тарабынан соттук коргоого болгон жана акыйкат сот териштирүүгѳ болгон укугун бузбайт.

 

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 65-беренесинин 4-пунктунун  конституциялуулугун  талашуу менен, арыз ээлер, укук колдонуучу аталган ченемди бейтарап сотторго колдонуп жаткандыгын билдирген. Буга ылайык, арыз ээлеринин талашка түшкөн ченемдин конституциялуулу эместиги жѳнүндѳ келтирген далидери укук колдонуучу практиканын кѳйгѳйлѳрүнѳ кирет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палатанын караштуулугуна иштердин акыркы тизмеси каралган. Буга байланыштуу, кайрылган тараптын талаптары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын караштуу эмес жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 41-беренесинин негизинде токтотууга таандык.

 

Бул учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, аталган соттордун ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» мыйзамы менен жөнгө салынаарын белгилейт, жана анда бир гана «бейтарап сот» деген термин колдонулат. Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, бул ченем арбитраждык соттордун чечимдеринде гана колдонулат деп эсептейт, алар өз ишин Кыргыз Республикасынын 2004-жылы 8-августтагы №110 «Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамы күчүнө кирген күндөн баштап, токтоткон. Аны менен бирге, жоюлган арбитраждык соттордун чечимдери өз күчүн сактайт, жана талашка түшкөн ченем алардын преюдициалдуулугун камсыз кылат.

Бул иш боюнча Конституциялык палатанын судьялары Ч.А. Айдарбекованын жана М.Р Бобукееванын ѳзгѳчѳ пикири бар.

 

Төрагалык кылган                                                           Мукамбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                                              Клара Сыргакбековна Сооронкулова