Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 11-бөлүгүнүн ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө

2015-жылдын 27-ноябрында Конституциялык палата, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу деп белгилеген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 11-бөлүгүнүн ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашка түшкѳн ченемди конституциялуулугу жѳнүндѳ чечим чыгарды.

 

Конституциялык палатага жарандар А.М. Осмоналиева, Б.К. Осмонбаев, Г.А. Суталиновалар кайрылышкан, алардын пикири боюнча, талашка түшкѳн ченемдик жобо жарандарга шайлоо алдында шайлоо бюллетендерине киргизилген бардык шайлоочуларга каршы багытталган үгүттү өзүнүн акча каражаттарынын эсебинен өзүнүн жүргүзүшүнө тыюу салат деп ошону менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 1, 2 жана 3-бөлүктѳрүнѳ, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет.

 

Конституциялык палата, Кыргыз Республикасынын шайлоо тутуму жарандардын шайлоо укуктарынын мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук, жеткиликтүүлүк, ачыктык жана ишенимдүүлүк, ошондой эле жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого болгон тең укуктуулуктун негизинде курулат деп белгиледи. Бул принциптер шайлоолорду уюштуруунун бардык баскычтарын, анын ичинде шайлоолорду даярдоонун, шайлоо алдындагы үгүт жүрүшүндөгү жана Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолорду өткөрүүнүн жүрүшүндө тепчип өтөт.

 

Талашка түшкѳн ченемдик абалды ченемдик жөнгө салуу талапкердин же талапкерлердин тизмесин сунуштаган саясий партиянын шайлоо фондунун эсебинен каржылоону талап кылган шайлоо өнөктүгүнүн мезгилиндеги үгүт ишин тартипке салууга багытталган. Бул ченем жарандардын жана саясий партиялардын талапкерлер, талапкерлердин тизмесин сунуштаган саясий партия менен макулдашуу жана ушул адамдардын шайлоо фондулары аркылуу болгон эки шартты сактоо менен шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Бул үгүт процессинин мааниси жана шайлоо алдындагы үгүт кампаниясынын бардык катышуучуларына тиешелүү болгон, мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук, жеткиликтүүлүк, ачыктык жана шайлоолордун ишенимдүүлүк болуу принциптеринин бузулуусуна алып келе турган ар кандай эркин аракеттерди жокко чыгаруучу бирдиктүү жүрүм-турум эрежелерин киргизүү зарылчылыгы менен байланышкан.

 

Буга ылайык, жарандар тарабынан бардык талапкерлерге каршы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талашка түшкѳн ченемдик жобону укуктук жөнгө салуунун чегинен чыгып жатат. Ошондуктан кайрылуучу тараптын талашка түшкѳн ченемдик жоболор шайлоо алдында жарандар тарабынан өзүнүн каражаттарынын эсебинен бардык талапкерлерге каршы багытталган үгүт жүргүзүүгө тыюу салууну камтый тургандыгы тууралуу далилдери туура эмес.

 

Бардык талапкерлерге каршы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин тиешелүү укуктук жөнгө салуунун жоктугу Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген талашкан түшкѳн ченемдик жоболорду таануу үчүн негиз катары кызмат кыла албайт.

 

Шайлоо алдындагы бардыгына каршы үгүттөө менен байланышкан укуктук мамилелер мыйзам чыгаруучу тааныган шайлоочулардын өзүнүн эркин шайлоочулардын бюллетенинде «бардыгына каршы» графасын толтуруу жолу аркылуу билдирүү мүмкүнчүлүгү болуп саналгандыктан өзүнчө укуктук жөнгө салууну талап кылат.

 

Мыйзам чыгаруучу шайлоо алдындагы үгүттөөгө карата укуктарды ишке ашыруу менен байланышкан жөнгө салуунун тигил же бул тариздерин тандоо менен шайлоолордун объективдүү жыйынтыгына жетишүү жана ушунун негизинде легитимдүү өкүлчүлүктүү элдик бийлик органдарын түзүү зарылчылыгын эске алуусу керек.

 

 

 

 

 

 

 

Төрагалык кылган                                                           Мукамбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                                              Айсалкын Омуралиевна Нарынбекова