Меню навигации+

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бѳлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

Оор, ѳзгѳчѳ оор, мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаган, соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан Кыргыз Республикасынын жараны аким боло албайт.

 

Мындай чечимди 27-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жаран Н. Жусупбековдун жана анын ишенимдүү ѳкүлү Ж. Исмаиловдун ѳтүнүчүн карап, кабыл алды.

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бѳлүгүнүн экинчи абзацына ылайык кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар,соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан Кыргыз Республикасынын жараны аким боло албайт. Кайрылуучулар бул укуктук ченем адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу жана кемсинтүүчү катары кабыл алынганын, мамлекеттик кызматка кирүүдѳ, кызматка кѳтѳрүлүүдѳ бирдей укуктарга ээ болбой калганын билдиришти.  Ошондуктан аталган мыйзам жобосун Конституцияга карама-каршы келет деп таап берүүнү ѳтүнүшкѳн.

 

Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп, тараптардын жүйѳѳлѳрүн талкуулап төмөнкү жыйынтыктарга келди.

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жѳнүндѳ» Мыйзамга ылайык аким райондун аймагында башкы мамлекеттик кызмат адамы болуп саналат жана райондун социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жеке жоопкерчиликти тартат.

 

Жарандардын эмгек ишинин түрлөрүнүн бири катары мамлекеттик кызмат саналат. Мамлекеттик кызмат тармагында теңдүүлүк принциби, жарандарга мамлекеттик кызматка кирүүдө бирдей укуктарды, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү кепилдейт.

 

Бирок теңдүүлүк принциби мамлекеттик кызматчылардын кесиптик ишин укуктук жөнгө салууга өзгөчө мамилени жокко чыгарбайт. Мындай өзгөчөлүктү орнотуу, мамлекеттик кызматтын жогорку деңгээлин, мамлекеттик милдетти аткарып жаткан кызматчылардын кесиптик ишинин ѳзгѳчѳ мүнөзүн колдоо максатында мамлекеттик кызматты уюштуруу жана иштетүү милдеттери менен шартталган. Мамлекеттик кызматтын мындай өзгөчөлүктөрүнүн маңызы, эмгек ишинин башка чөйрөлѳрүнө салыштырмалуу мамлекеттик кызматкерлерге өзгөчө талаптарды бекитүүдѳ, мамлекеттик кызматты өтөөгѳ байланыштуу кандайдыр бир чектөөлөрдү орнотууда камтылат.

 

Конституцияга ылайык жарандардын мамлекеттик кызматка болгон укугу чектелиши мүмкүн. Мындай чектѳѳлѳр улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында колдонулат.

 

Конституциялык палата ѳзүнүн айрым чечимдеринде «Мамлекет конституциялык түзүлүштүн негиздерин бекемдѳѳ үчүн мамлекеттик бийликти кыянаттык менен пайдалануудан жана криминалдашуудан коргогон майнаптуу укуктук механизмдерге муктаж. Тиешелүү укуктук механизмдерди түзүү менен мыйзам чыгаруучу мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардын зоболосуна жогору талаптарды коюу мүмкүнчүлүгү бар. Мындай талаптар кызмат адамдарынын моралдык жана адеп-ахлактык сапаттарында, ѳздѳрү менен бирге бийликти алып жүрүүчү катары алардын аракеттеринин мыйзамдуулугунда жана ак ниеттигинде күмѳн пайда болбоосу үчүн бекитилген. Ушул себептен мыйзам чыгаруучу бийликтин криминалдашуусун улуттук коопсуздукка коркунуч катары кароо менен, кѳрсѳтүлгѳн максаттарга жетүү үчүн жарандардын мамлекеттик кызматка болгон укугуна тиешелүү бир чектѳѳлѳрдү киргизүүгѳ укугу бар» деген позициясын билдирген.

 

Кылмыш жасаган жарандардын аким кызматын ээлѳѳ укугун чектѳѳ, бийлик органдарынын легитимдүүлүгүн жана коомдун колдоосунан ажырашын болтурбоого багытталган аракет катары акталган деп эсептесе болот. Мындай аракет конституциялык жоопкерчиликти, укуктук демократиялык мамлекеттин принциптеринин таасирдүүлүгүн жогорулатуу, укуктук тартиптин талаптагыдай иштѳѳсүн жана сакталышын, бийликтин криминалдашуусун алдын алуу боюнча конституциялык маанилүү максаттарды кѳздѳйт.

 

Бирок ошол эле учурда жарандардын аким кызматын ээлѳѳ укугун чектѳѳ менен мыйзам чыгаруучу конституциялык корголгон баалуулуктардын, мамлекеттик жана жеке кызыкчылыктардын тең салмактуулугун табышы керек. Ошондой эле укуктар менен эркиндиктерди жѳнгѳ салууда адилеттик, теңдүүлүк жана ѳлчѳмдѳш сыяктуу принциптерди сактап, чектен чыкпаган, керектүү жана конституциялык максаттарга ылайык болгон гана чараларды колдонуусу зарыл.

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талашылып жаткан жобосу жасалган кылмыштын оордугун, коомдук коркунучтуулугун, мүнѳзүн, дайындалган жазаны, кылмыш жасагандан кийин ѳткѳн убакытты эске албастан кабыл алынган.

 

Ушул себептен, мыйзам чыгаруучу кылмыштардын мүнѳзүн жана коомдук коркунучтуулук даражасын эске алып, чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыштарды жасаган жарандарга карата аталган ченемди кайрадан карап чыгуусу керек.

 

 

Төрагалык кылган                                        Касымалиев Мукамбет Шадыканович 

Судья-баяндамачы:                                      Осмонова Чолпон Омоковна