Меню навигации+

Конституциялык палатанын төрагасы К.А. Дуйшеев Кыргыз Республикасындагы мөөнөтүнөн мурда болуучу президенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүүчү миссиянын башчысы менен жолугушту

17.12.2020

 








Конституциялык палатанын төрагасы К.А. Дуйшеев ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ЕККУ/ДИАУБ) Кыргызстандагы мөөнөтүнөн мурда болуучу президенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүүчү миссиянын башчысы Тамаш Месерич менен жолугушту.

 

Миссиянын башчысы Тамаш Месерич төрагага кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул Миссия КР бийлигинин расмий чакыруусунун негизинде келгенин кабарлады. «Азыркы тапта бул Миссиянын курамына 13 эксперт  кирет жана 22 узак мөөнөттүү байкоочулардын келиши күтүлүүдө» – деп ал белгилеп кетти.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Тамаш Месерич мырза делегациянын болочоктогу иши тууралуу айтып, ал аяктагандан кийин Миссиянын корутунду отчету жана сунуштамалары жарыяланаарын дагы белгиледи.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев конституциялык контролдоо органы шайлоо процесстери менен алектенбейт, бирок шайлоо мыйзамдарынын ченемдери соттун кароо предмети болушу мүмкүн деп белгиледи. Төрага билдиргендей, Конституциялык палатанын тажрыйбасында жарандардын шайлоо укуктарына таандык жана тажрыйбасы кызыктуу булак катары кызмат кыла турган бир катар чечимдери бар.

 

Тараптар Конституциялык палатанын Венециялык комиссия менен болгон мамилелерин талкуулашты. Төрага өзү жетектеген сот Венециялык комиссия менен достук жогору бааланат жана эки тараптуу кызматташуу андан ары бекемделет жана өнүктүрүлөт деп Миссиянын мүчөлөрүнүн көңүлүн бурду.

 

Жолугушуунун аягында К. Дуйшеев Миссиянын ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири  маалымат берилгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, анын мүчөлөрүнө алдыдагы шайлоо процессинде ЕККУнун методологиясына жана эл аралык стандарттарга ылайык мониторинг жүргүзүүдө ийгилик каалап кетти.