Меню навигации+

Персоналды башкаруу жана документациялык камсыз кылуу бөлүмү

 

Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары

Бөлүмдүн милдети Конституциялык соттун ишин документтик жана кадр жагынан камсыздоо болуп саналат.
Коюлган милдеттерге жетишүү үчүн бөлүм төмөнкү функцияларды аткарат:
– ички жана тышкы, анын ичинде электрондук документ жүгүртүүнү, иш кагаздарын жүргүзүүнү камсыздайт;
– кароосу аяктаган иштердин белгиленген тартипте сакталышын камсыздайт;
– Конституциялык соттун актыларын жана башка документтерди мамлекеттик жана расмий тилдерге которууну, ошондой эле ички шайкештигин жана аутенттүүлүгүн камсыздайт;
– кадр маселелерин жүргүзүүнү, анын ичинде бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына конкурстарды уюштурууну камсыздайт;
– «е-kyzmat» автоматташтырылган системаны жүргүзүүнү камсыздайт;
– Төраганын жана аппарат жетекчисинин тапшырмасы боюнча Конституциялык соттун таламдарын жалпы юрисдикциядагы соттордо билдирет;
– Төраганын жана аппарат жетекчисинин тапшырмасы боюнча конституциялык сот өндүрүшү менен байланышпаган маселелер боюнча келүүчүлөрдү кабыл алат;
– тиешелүү жылга Конституциялык соттун Иш планынын долбооруна киргизүү үчүн бөлүмдүн ишмердиги боюнча сунуштарды берет;
– тиешелүү жылга Конституциялык соттун Иш планын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
– Төраганын, анын орун басарынын, судьялардын, ошондой эле Конституциялык соттун аппаратынын жетекчисинин тапшырмаларын аткарат.


ВОЛКОВА Мария Юрьевна

Бѳлүм башчы
1991-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында туулган. 2014-жылы Казань шаарындагы “Жогорку кесиптик билим берүүнүн “Казань федералдык университети” федералдык мамлекеттик автономдук билим берүү мекемесин “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгектик ишмердүүлүгү:
2024-жылдын мартынан – Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты, Персоналды башкаруу жана документтештирүүнү камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.
2022-2024-жж. – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кадрлар бөлүмүнүн башчысы.
2016-2022-жж. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Адам ресурстарын башкаруу жана иш кагаздарын жүгүртүү бөлүмүнүн башкы адиси;
2015-2016-жж. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Адам ресурстарын башкаруу жана иш кагаздарын жүгүртүү бөлүмүнүн адиси;
2014-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Маалыматтык-аналитикалык иштер жана өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси.
 
КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ:
2023-ж. – Capacity building for Goverment HR Managment in Kyrgyzstan;
2022-ж. – Improvement of Recruitment and Selection System of Civil service in the Kyrgyz Republiс;
2020-ж.– HR менеджерлердин Республикалык Ассоциациясынын Координациялык Кеңеши (Астана ш.). Мамлекеттик кызматтын мыкты HR практикасы: Бельгиянын тажрыйбасы;
2019-ж. – БУУнун Адам укугу боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы. “Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн инклюзивдик чөйрөнү түзүү” темасындагы курс;
2018-ж. – Кытай Эл Республикасы, “Бир алкак – бир жол” программасынын алкагында квалификацияны жогорулатуу;
2015-2016-жж. – Борбордук Азия Университети “Мамлекетик саясатты талдоо”.

 
Байланыш телефону: (0 312) 62-20-71

E-mail: m.volkova@constsot.kg