Меню навигации+

Персоналды башкаруу жана документациялык камсыз кылуу бөлүмү

 

Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары

Төмөнкүлөр бөлүмдүн милдеттери болуп саналат:
— ички жана тышкы, анын ичинде электрондук документ жүргүзүү, иш жүргүзүү;
— каралып бүткөн иштердин сакталышын белгиленген тартипте уюштуруу;
— Конституциялык соттун актыларынын тексттерин жана башка документтерин мамлекеттик жана расмий тилдерге которулушун, ошондой эле алардын ички макулдашуусун жана шайкештигин камсыз кылуу;
— кадр маселелеринин жүргүзүлүшүн, ошондой эле бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына конкурстарды уюштурууну камсыздоо;
— «Кадрлар» автоматташтырылган системанын жүргүзүлүшүн камсыздоо;;
— Төраганын жана Аппарат жетекчисинин тапшырмасы боюнча Конституциялык соттун кызыкчылыктарын соттун жалпы юрисдикциясында көздөө;
— Конституциялык соттун Аппарат жетекчисинин тапшырмасы боюнча конституциялык сот өндүрүшүнө байланышпаган маселелер боюнча келүүчүлөрдү кабыл алуу;
— Конституциялык соттун иш планынын долбооруна бөлүмдүн ишмерлиги боюнча сунуштарды тиешелүү жылга карата киргизүү;
— Конституциялык соттун жашырындуулук режимин жана «кызматтык пайдалануу үчүн» деген эн тамгасы документтердин жүргүлүшүн камсыздоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
— Конституциялык соттун гербдик жана башка мөөрлөрү менен штамптарынын сакталышын камсыз кылуу.


Элтинов Эркинбек Токтогонович

eltinov

Бѳлүм башчы
1985-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында туулган. 2007 ж. “Социология” адистиги боюнча Бишкек гуманитардык университетин аяктаган; 2012 ж. “юрист” адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган;
2019 ж.ж. – Мамлекеттик саясат жана башкаруу профили боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын аяктаган.
ЭМГЕК ЖОЛУ:
2007-2013 ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги – эмгек жана социалдык өнөктөштүк башкармалыгынын эмгек мамилелери жана эмгекти коргоо бөлүмүнүн адиси.
2013-2018 ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.
2018-2021 ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы.
2021-жылдын сентябрынан 2022-жылдын мартына чейин – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Юридикалык жана кадрдык камсыздоо бөлумүнүн башчысы.
2022-жылдын апрель айынан азыркы убакытка чейин – Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратынын персоналды башкаруу жана документтик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.

 
Байланыш телефону: (0 312) 66-21-53

E-mail: e.eltinov@constsot.kg