Меню навигации+

Конституциялык соттун судьясы Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттардын Ассоциациясынын 5-чи конгрессине катышты

19.08.2022

 

18-19-августта Монголиянын Улан-Батор шаарында Азия ассоциациясынын төрагалыгынын алкагында Монголиянын Конституциялык соту уюштурган Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттардын ассоциациясынын (АКСА)  5-чи Конгресси болуп өттү.

 

Иш-чара гибриддик режимде (онлайн жана оффлайн) "Азиядагы конституциялык сот адилеттигин учурдагы өнүктүрүү" темасында өттү, анын алкагында видеоконференцбайланыш режиминде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Л.Жумабаев "КОВИД-19 пандемиясынын шартында Кыргыз Республикасында конституциялык сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун айрым аспектилери жөнүндө"деген темада баяндама жасады.

 

Конгресстин алкагында, конференциянын биринчи күнү АКСА мүчөлөрү Кеңешинин пленардык отуруму болуп өттү, анда АКСА катчылыктарынын туруктуу иштеп жаткан отчеттору угулуп, бир катар чечимдер талкууланды жана кабыл алынды: президенттик мөөнөттүн ийкемдүүлүгү; араб тилин Ассоциациянын расмий жумушчу тилдеринин бири катары киргизүү; мүчөлүк жөнүндө билдирүүлөр (Палестина Мамлекети).

 

 

Ошондой эле жыйындын алкагында иш-чаранын акыркы күнү бекитилген Улан-Батор декларациясынын долбоору талкууланды.

 

Конгресстин ишине Азия ассоциациясынын мүчөлөрү, чет өлкөлөрдүн конституциялык юстиция органдарынын төрагалары жана судьялары, Монголиянын мамлекеттик түзүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

 

Иш - чара аяктагандан кийин Ассоциациянын ишмердигинин маселелери боюнча пикир алмашуу болуп өттү, катышуучулар мындан ары кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча сунуштар менен бөлүшүштү, бул Ассоциациянын ишин жигердештирүүнү бекемдөөгө кызмат кылат.