Меню навигации+

Конституциялык соттун судьясы Меергуль Бобукеева жаш юристтердин дебаты жөнүндө

03.05.2023

2023-жылдын 2-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган дебаттар болуп өттү. Бул иш-чара өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринин алдыңкы командаларын чогултуп, аларды “Адамдын жана жарандын конституциялык укуктары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өнүктүрүү жана өркүндөтүү” темасындагы интеллектуалдык сынакта беттештирди.

 

Дебатка өлкөнүн жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринин өкүлдөрүн камтыган төрт команда катышты. Дебат жаш юристтер аналитикалык жана аргументтик жөндөмдөрүн көрсөтүүгө, кесиптештери менен ой жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алган форумга айланды.

 

Конституциялык соттун судьясы Меергуль Бобукееванын сүйлөгөн сөзүнө өзгөчө көңүл бурулду. Анын конституциялык укук жаатындагы акылмандыгы, тажрыйбасы жана билими дебатты толуктап, талкууланып жаткан маселелерге тереңдик кошту.

 

Меергуль Бобукеева дебаттардын бардык катышуучуларына жана уюштуруучуларына Кыргыз Республикасындагы укуктук илим жана мыйзамдарды өнүктүрүү жаатындагы баалуу салымдары үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

 

Судья мындай иш-чараларды уюштуруу юридикалык факультеттин студенттеринин мыйзамдарды жакшыртууга жана жарандардын конституциялык укуктарын коргоого багытталган конструктивдүү сунуштарды жана концепцияларды иштеп чыгууга жигердүү катышуусуна дем берүү үчүн маанилүү экендигин баса белгиледи. Ушул сыяктуу дебаттар жаш юристтерге сынчыл ой жүгүртүүнү, талдоо жана юридикалык аргументтерди түзүү жөндөмүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет, бул келечектеги кесиптик иш-аракеттер үчүн маанилүү фактор деп деп белгилеп кетти.

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясынын өкүлдөрү да өз сөзүндө конституциялык ченемдердин сакталышын камсыз кылууда жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерине кепилдик берүүдө Конституциялык соттун ролунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын курамындагы судьянын катышуусу бул дебаттардын маанилүүлүгүн таанууну жана колдоону билдирет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасын өнүктүрүүдө академиялык чөйрөнүн жана юридикалык билим берүү мекемелеринин маанилүүлүгүн белгилейт.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту укуктук илимдин өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүнү жана квалификациялуу жана сабаттуу юристтердин калыптанышына өбөлгө түзгөн билим берүү программаларын колдоону улантат. Биз студенттерди жана юридикалык факультеттерди мындан аркы изилдөөлөргө жана мындай иш-чараларга активдүү катышууга чакырабыз, анткени алардын салымы Кыргыз Республикасында укуктук системаны жакшыртуунун жана конституциялык укуктарды коргоонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.