Меню навигации+

Конституциялык палатада Эл аралык карылар күнү белгиленди

02.10.2013

1990-жылы 14-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы  1-октябрды Эл аралык карылар күнү деп белгилѳѳнү токтом кылган. Бул майрам салтка ылайык Кыргызстанда дагы жыл сайын майрамдалып келет.

 Башында Карылар күнү Европада, кийин Америкада, ал эми 1990-жылдардын аягынан тартып,  бүткүл  дүйнѳдѳ белгиленип башталган.  

1-октябрда  карылардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ассоциаициялар уюштурган ар кандай фестивалдар, алардын коомдогу ролуна арналган конференциялар жана башка иш чаралар ѳткѳрүлѳт. Коомдук бирикмелер жана фонддор бул күнү  ар түрдүү кайрымдуулук  акцияларын ѳткѳрүп келишет.

 Карылардын эл аралык күнүндѳ   БУУ ѳкмѳттѳрдү,  жеке секторду, жарандык коомду жана планетадагы  бардык   адамдарды картаюу проблемасына кѳңүл бурууга чакырат. Жалпы аракеттер менен   мамлекеттер адамдардын узак жашоосун гана эмес, ошондой эле, алардын сапаттуу, бир түрдүү эмес, толук кандуу  жана ырахат алып келген жашоосун камсыз кыла алышат деп белгилейт БУУ.     

 Карылардын эл аралык күнүн майрамдоого байланыштуу  Конституциялык палатада  азыркы учурда  пенсионер  болгон Кыргыз Республикасынын  Конституциялык  сотунун мурунку  судьялары  Баекова Ч.Т., Садыкова С.К.  жана   Сатыбеков С.С.  менен жолугушуу уюштурулган.  Жолугушуу  учурунда  Конституциялык палатанын  судьялары конокторго эң жакшы каалоолорун  айтышты. Өз учурунда улуу муундун өкүлдөрү ыраазычылыктарын билдиришип, жаңы шайланган судьялардын   иштерине ийгилик каалап кетишти.