Меню навигации+

Конституциялык палатанын соттук отурумдар залынын жана китепканасынын салтанаттуу ачылышы болуп ѳттү

11.06.2019

Бүгүн чоң оңдоо-түзѳѳ иштери ѳткѳрүлгѳндѳн кийин Конституциялык палатанын соттук отурумдар залынын жана китепканасынын расмий ачылышы болуп ѳттү. Ачылыш аземинде КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Д. Эсеналиев, КР Жогорку сотунун тѳрайымы Г. Калиева, КР Юстиция министри М. Джаманкулов, Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин орун басары Йекта Камиль Ноян, Түркия Республикасынын  Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы кызматташтык жана өнүгүү боюнча Түрк башкармалыгынын (TIKA) Кыргызстандагы программалык координатору Али Муслу, Конституциялык палатанын судьялары жана башкалар катышышты.

Иш-чаранын ачылышында Конституциялык палатанын тѳрагасы Э. Мамыров Конституциялык палатанын соттук отурумдар залынын жана китепканасынын чоң оңдоо-түзѳѳ иштери, аларды эмерек жана техника менен жабдуу ТИКА тарабынан жалпы суммасы 96,5 миң АКШ долларга ѳткѳрүлгѳнүн белгилеп, ТИКА жана Түкия ѳкүлчүлүгүнүн ѳкүлдѳрүнѳ кѳрсѳтүлгѳн колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди. Тѳрага иш ТИКАнын Кыргыз Республикасындагы программалык координатору Али Муслу мырзанын жетекчилиги алдында кыска мѳѳнѳт ичинде жана жогорку дэңгээлде ѳткѳрүлгѳнүн баса белгиледи.

Конституциялык палатанын тѳрагасы Э. Мамыров ѳз сѳзүнүн жүрүшүндѳ аземдин катышуучуларынын кѳңүлүн мындай оңдоо-түзѳѳ иштери соттук отурумдар залы менен китепканада 1996-жылдан бери ѳткѳрүлѳ элек экенине бурду. «Ошондуктан Конституциялык палатанын инфраструктурасы чет ѳлкѳлүк конституциялык соттордукунан артта болгон. Бирок өзүңөр көргөндөй, сот отурумунун залы бүгүн заманбап инженердик-техникалык каражаттар менен жабдылган» – деп Төрага белгиледи. Төраганын пикиринде, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын милдеттерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоосун эске алуу менен, заманбап жабдуу Конституциялык палата үчүн, өлкө санариптештирилип жатканда, актуалдуу болуп саналат.

Коноктор салтанаттуу ачылыш аземинин символикалык лентасын кескенден кийин, Конституциялык палатанын соттук отурумдар залын жана китепканасын көрүп чыгышты. Иш-чаранын катышуучулары судьялардын жана Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлеринин иши үчүн гана эмес, имаратка келүүчүлөргө да керектүү шарттар түзүлгөнүн белгилешти.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасындагы ТИКАнын программалык координатору Али Муслу мырза ТИКА Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринде чоң оңдоп-түзѳѳ иштерин жүргүзүүдө ар кандай колдоолорду көрсөтүп келе жаткандыгын жана бул органдардын кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө түрткү берээрин баса белгиледи.

Иш-чаранын ачылышында Конституциялык палатанын тѳрагасы Э. Мамыров Конституциялык палатанын соттук отурумдар залынын жана китепканасынын чоң оңдоо-түзѳѳ иштери, аларды эмерек жана техника менен жабдуу ТИКА тарабынан жалпы суммасы 96,5 миң АКШ долларга ѳткѳрүлгѳнүн белгилеп, ТИКА жана Түркия ѳкүлчүлүгүнүн ѳкүлдѳрүнѳ кѳрсѳтүлгѳн колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди. Тѳрага иш ТИКАнын Кыргыз Республикасындагы программалык координатору Али Муслу мырзанын жетекчилиги алдында кыска мѳѳнѳт ичинде жана жогорку дэңгээлде ѳткѳрүлгѳнүн баса белгиледи.