Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары тегерек столго катышты

11.09.2013

«Кыргызстандын юристтери ассоциациясы» коомдук бирикмеси, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен бирдикте  ишке ашырылып жаткан «Сот актыларынын жана сот жыйындарынын калк үчүн  ачыктыгын, айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо аркылуу жарандардын сотторго болгон ишенимин бекемдөө» долбоорунун алкагында,  11-сентябрда  «www.sot.kg» интернет-ресурсунда  сот актыларын жана сот жыйындары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо процессин баалоонун жана  мониторингдин  орто аралык жыйынтыктарын талкулоо  темасында тегерек стол болуп өттү.

Бул тегерек столго Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары Чинара Айдарбекова жана Меергуль Бобукеева  катышты.

Аталган долбоор АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агентствосу (USAID) жана Өнүгүү укугу боюнча  эл аралык уюм (IDLO) тараптан каржыланат.

«www.sot.kg» интернет-ресурсу Кыргыз Республикасынын сот системасында жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында ишке киргизилген. Азыркы учурда, сайтта эксперименталдык түрдө  соттордун актылары жана сот жыйындары жөнүндө маалыматтар жарыяланган. Сыналуучу соттордун курамына  төмөнкү соттор кирген: Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Бишкек шаардык соту, Биринчи май, Октябрь, Ленин, Свердлов райондук соттору, ошондой эле экономикалык иштер боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык соту.

Сайтты иштетүүчүлөрдүн айтымы боюнча  жакынкы убакытта  сайт республика боюнча соттордун актыларынын  базасын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын актыларын  камтыйт.

SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES