Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы «Адилеттүү сот териштирүүгө укук жөнүндө» семинарга катышты

30.09.2013

26-сентябрда Бишкекте Европалык Союз – Кыргыз Республикасы «Адилеттүү сот териштирүүгө укук жөнүндө» жарандык коомдун семинары болуп өттү. Бул семинарга Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова катышып, ачылышында сөзүн сүйлөдү.

Семинар ага катышкан жарандык коомдун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин ортосунда адилеттүү сот териштирүүгө укуктун ишке ашуу чөйрөсүндөгү идеялар жана эң жакшы тажрыйбалар менен алмашканга мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Сотко чейин териштирүүнү, сот процессин жана соттон кийинки процедураларды талкуулоо менен, катышуучулар адилеттүү сот териштирүүгө укукту өлкөбүздө ишке ашырууда кезигүүгө мүмкүн болгон чакырыктардын катарын аныкташты.

Семинардын жыйынтыгы боюнча катышуучулар 27-сентябрда пресс-конференция өткөрүшүп, бул семинардын рекомендациялары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийликтин органдарына сунушталарын, Европалык Союз – Кыргыз Республикасынын адам укуктары боюнча ар жылкы диалогунун алкагында талкуулоонун негизи болорун жана кызматташуунун келечектеги программаларын пландаштырууда аталган рекомендацияларды Европалык Союздун эске алуусун белгилешти.