Меню навигации+

Азия конституциялык соттору жана шайкеш институттар ассоциациясынын 4-жайкы мектеби

12.10.2016

2016-жылдын 3-октябрынан 9-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кызматкерлери Ж.Абдымомунова, Н.Нурбекова Түркия Республикасынын Конституциялык соту уюштурган Азия конституциялык соттору жана шайкеш институттар ассоциациясынын 4-жайкы мектебине катышып келишти.

Жайкы мектеп Афганистан, Алжир, Индонезия, Казахстан, Кыргызстан, Косово, Малайзия, Молдова, Монголия, Мьянма, Россия Федерациясы, Таджикистан жана Түркия сыяктуу мамлекеттердин конституциялык сотторунун жана шайкеш институттардын делегаттарынын катышуусу менен Анкара жана Стамбул шаарларында болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын өкүлдөрү жайкы мектеп алкагында бул жылга карата бекитилген “Жеке жана үй бүлөлүк турмуштун укуктарын сыйлоо” темасындагы докладдар менен чыгып сүйлөштү. Докладдарында бул маселе туурасында Конституциялык палатанын тажрыйбасынан бөлүшүү болду.

Жайкы мектептин катышуучулары Түркия Республикасынын Конституциялык сотторунун жаңы судьяларынын ант берүү аземине катышып, Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен да жолугуп келишти.

Эскерте кетсек, аталган жайкы мектеп 2013-жылдан тарта өткөрүлүүдө, Кыргызстан Азия конституциялык соттору жана шайкеш институттар ассоциациясына 2015-жылы мүчө болуп кирди.