Меню навигации+

Алла Спале: Латвиянын Конституциялык соту кармоолор менен каршылыктар тутумундагы тең салмакты камсыз кылат

29.05.2015

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Европа биримдиги менен ПРООНдун долбоору менен биргелешип Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн, анын чечимдерин жана тигил же бул маселелер боюнча кѳз карашын колдоо аркылуу жарандык коомдун өкүлчүлүгүн жана бардык кызыкдар жарандарды Кыргызстандагы укуктук үстѳмдүгүн бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө тартуу процессин талкуулашты.

 

Тегерек столдун максаты – Кыргызстанга amicus curiae (сот адилеттигинин досторун) түзүүгө жардам берүү, башкача айтканда дүйнөдөгү көптөгөн конституциялык соттордун айланасындагы кесиптик чөйрө, алар ар кандай юридикалык/конституциялык тематикаларды, юридикалык коллизияларды талкуулайт, коомдук кызыкчылыктын борборунда, соттун ишинде келип чыккан кандайдыр бир татаал маселелерди талкуулашат.

 

Эл аралык юридикалык эксперт жана Латвиянын Конституциялык сотунун юридикалык департаментинин начальниги Алла Спале талкуунун башталышында конституциянын тарыхы, Конституциялык соттун түзүлүшү жѳнүндѳ айтып берди жана Латвиядагы Конституциялык көзөмөл жана сот өндүрүшүнүн тутуму кандайча түзүлгөндүгүн түшүндүрүп берди.

 

Эл аралык эксперттин сөзү боюнча, Латвиядагы Конституциялык сот бардык мамлекеттик органдардын үстүндө турат жана конституциянын аткарылышы боюнча алардын үстүнөн көзөмөл жүргүзөт, ошону менен мамлекеттин жашоо ишмердүүлүгүндөгү туруктуулукту камсыз кылат. Ошол эле убакта, жарандар менен соттун ортосунда чоң араздык турат деп айтууга болбойт. Тескерисинче – Латвиянын Конституциялык соту конституциялык сот өндүрүшүнө тартылып жатышкан «сот адилеттигин досторун» түзгөн.

 

«Amicus curiae (сот адилеттигин достору) процесстин катышуучулары болуп саналышпайт, алар – көз карандысыз үчүнчү жак, аларга соттор эксперттин пикири үчүн кайрылып турушат. Мисалы, биздин акыйкатчы адам укугуна таандык болгон дээрлик бардык иштерге тартылат; эгер экономикалык, социалдык маселелер боюнча суроолор келип чыкса – анда кадыр барктуу эксперттерге, профессорлорго кайрылышат, алар тигил же бул көз карашты кеңири түшүндүрүп бере алышат, — деп түшүндүрдү Алла Спале. – Конституциялык соттун судьялары ишти изилдөө убагында алардын пикирин уга билиши керек, бирок, чечим чыгарган убакта алардын кѳз карашын эске алуу менен, аларды угууга милдеттүү эмес».

 

Спале мындай деп кошумчалады: «Биздин мамлекетте Конституциялык соттун судьялары менен өз пикирин бөлүшүү, Конституциялык сотто каралып жаткан иште өз тажрыйбалары жана билими менен бөлүшүү абдан кадыр барктуу болуп эсептелет. Максаты – кандайдыр бир жакты коргобой же сотторду ал жакка тартпастан, тескерисинче, түшүнүк берип, ачыктык алып келүү. Жада калса, эгер судьялар чечим чыгарган учурунда алардын пикирин укпаган күнү да, иштеги алардын катышуусу расмий документте сөзсүз түрдө катталат жана ушуну менен алар абдан сыймыктанышат».

 

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары Эркинбек Мамыров, Палата жарандык коом менен Кыргызстандын ЖМК лары тарабынан колдоого муктаж экендигин, анын чечимдери жарандар менен мамлекеттик түзүмдөрдүн арасында кеңири түшүндүрүлсө жакшы болмок экенин айтып өттү.

 

«Өткөн жылы ПРООНдун жардамы менен биз ӨЭУ дана ЖМК үчүн Жайкы мектептерди ачтык. Бул эмне үчүн жасалып жатат? ЖМКнын өкүлдөрү да, ӨЭУ өкүлдөрү да Конституциялык палатанын ролун, милдетин жана жасаган иштерин түшүнүшү үчүн, анткени бийликтин мамлекеттик тутумундагы конституциялык көзөмөл институтунун ролун жана маанисин түшүнмөйүнчө кармоолор менен каршылыктардын тутумунда анын маанилүүлүгү менен баалуулугун түшүнүүгө мүмкүн эмес. Ал эми бул институт Конституцияга ылайык жана татыктуу иштей алышы үчүн, ЖМК тарабынан да, өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан да түшүнүү зарыл», — деп баса белгиледи өз сөзүндө КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары Эркинбек Мамыров.

 

Мамыров, Конституциялык палата да, бир жагынан келечекте КП коомчулук, кесиптик чөйрө тарабынан колдоо алуу үчүн, экинчи жагынан – жарандар менен эксперттер конституциялык сот өндүрүшүнө катышуусу үчүн, кыргыз коомунун бекемделишине өз салымдарын кошушу үчүн өзүнүн Amicus curiae түзүүгө кызыкдар экенин кошумчалап кетти.

 

ЕБ менен ПРООНдун «КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө жардам берүү» долбоорунун жардамы менен КП кызматкерлерине жана судьяларына эл аралык стандарттарга ылайык келүүчү жаңы салттагы конституциялык сот адилеттигин түзүүдө жардам берүү, Конституциянын түпкү гранты катары өз миссиясын аткаруучу жаңы уюмду жана адам укугунун коргоочусун түзүүдө эл аралык тажрыйба тартылат.

 

Ошондой эле тегерек столго КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын башка судьялары жана кызматкерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер, юристтер, илимий чөйрөлөр, ЖОЖдор, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана башкалар катышышты.

 

Эл аралык юридикалык эксперт Алла Спаленин миссиясы ЕБ менен ПРООНдун «КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө жардам берүү» долбоорунун алкагында уюштурулган.

 

IMG_8515