Меню навигации+

Кореянын Конституциялык сотунун делегациясы Конституциялык палатага келип-кетти

09.12.2016

 

Бүгүн Конституциялык палатанын Аппарат жетекчиси жана аппарат кызматчылары Корея Республикасынын Конституциялык сотунун делегациясы жана аны  баштап келген Ким Хён Чон мырза аппарат жетекчисинин орунбасары  менен жолугушту.

 

Жолугушуунун максаты маалымат технологиялар жаатында соттор ортосунда кызматташуу маселелерин талкулоо болду.

 

Аппарат жетекчиси Турарбек Масыбаев мырза коноктор менен учурашып, Конституциялык палатанын маалымат-коммуникациялык тутумун өнүктүрүүдө кызыкдар болушуна, ошондой эле аппарат кызматчыларынын квалификациясын жогорулатууда көрсөткөн көмөк үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Конституциялык палата заманбап дүйнөдө бийик технологиялардын натыйжалуулугун жана ролун билип, уюмдун программалык-техникалык жабдылышын өркүндөтүү жагында тынымсыз ишти алпарат. Ошону менен бирге, бизге башка мамлекеттердин конституциялык сотторунун, анын ичинде Кореянын сот өндүрүш процессине маалымат технологияларын ишке киргизүү тажрыйбасы да кызык.” – деп билдирди Т.Масыбаев мырза.

 

Ким Хён Чон мырза өз кезегинде эки мамлекеттин кызматташуусу, Азия конституциялык соттору жана ага шайкеш инститттар Ассоциация алкагында  өзгөчө маанилүү деп билдирди. “Кореянын Конституциялык сотуна караштуу Ассоциациянын туруктуу катчылыгы Кореянын Конституциялык сотунда Кыргызстандык кесиптештердин стажировкадан өтүшүнө жардам берүүгө даяр, ошондой эле Силердин уюмуңардын IT инфраструктурасын жакшыртууга да жардам берүүгө даярбыз,” – деп кошумчалады.

 

 

Белгилеп кете турган жагдай, Кореянын Конституциялык соту – дүйнөдө электрондук сот адилеттигинин эң мыкты тутумунун ээси. Конституциялык палатаныны аппарат кызматчылары Кореянын Конституциялык сотунун чакыруусу боюнча маалымат технологиялар жаатында үйрөтүүчү семинарларга бир нече ирет катышкан.