Меню навигации+

Конституциялык палатанын делегациясы ХХ Ереван эл аралык конференциясында

13.10.2015

2015-жылы 8-октябрдан 11-октябрга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын делегациясы Төрагасы М. Касымалиевдин жетекчилиги алдында «Сот бийлигин бекемдөө ишинде конституциялык соттордун ролу: доктриналык жүрүштөр жана заманбап чакырыктар» темасында болгон ХХ Ереван эл аралык конференциясына катышышты.

 

Конференция Европа Кеңешинин «Укук аркылуу демократия үчүн» Европа комиссиясы (Венеция комиссиясы) жана жаңы демократия мамлекеттерин конституциялык көзөмөлдөө органдарынын конференциясынын көмөгү алдында уюштурулган жана Армения Республикасынын Конституциясынын кабыл алынганына жыйырма жыл толгонуна жана Армения Республикасынын Конституциялык сотунун түзүлгөнүн жыйырма жыл толгонуна арналган.

 

ХХ Ереван эл аралык конференциясынын расмий иш чараларында Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян жана Армения Республикасынын Премьер-министри Овик Абраамян катышышты.

 

Конференцияга отуздан ашык чет мамлекеттен келген конституциялык соттордун делегаттары катышышты. Конференциянын ишинин биринчи күнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Ж.И. Саалаев Кыргыз Республикасынын сот бийлигинин көз карандысыздыгын бекемдөө ишинде Конституциялык палатанын ролу жѳнүндѳ доклад окуду.

 

Конференциянын ишине катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы М. Касымалиев Латвия, Литва, Молдова, Тайланд, Россия, Монголия, Бельгия, Корея жана башка өлкөлөрдүн конституциялык сотторунун төрагалары жана судьялары менен конституциялык сот адилеттиги тармагында эки тараптуу кызматташууну бекемдөө жана өнүктүрүү маселелери боюнча эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.