Меню навигации+

Испаниянын Конституциялык сотунун жана Адам укугу боюнча Европа сотунун иши менен таанышуу үчүн жумушчу сапар ѳттү

02.12.2014

Үстүбүздөгү жылдын 23 – 30 – ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин курамындагы делегациясы Испаниянын Конституциялык сотуна, Адам укугу боюнча Европа сотуна таанышуу сапары менен барышты.

 

Сапардын жүрүшүндө делегациянын катышуучулары Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын катчысы Томас Маркер, Испаниянын Конституциялык сотунун жана Адам укугу боюнча Европа сотунун судьялары, Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын башка өкүлдөрү менен жолугушту.

 

Конституциялык палатанын судьялары европалык кесиптештеринин иштери жѳнүндѳ жалпы түшүнүк алышты, ошондой эле адам укугу тармагындагы бир катар маселелер боюнча жана Адам укугу боюнча Европа сотунун прецеденттик укугу менен байланышкан маселелер боюнча пикир алмашты. Негизинен, конституциялык анализдеги пропорционалдуулук принцибин колдонуу практикасы; соттук коргоо укугунун чектери, жеке турмуш жана ѳз эркин билдирүүнү сыйлоодо конституциялык баалуулуктардын ортосундагы тең салмакты издөө; Адам укугу боюнча Европа сотунун практикасында митингдер менен тынчтык чогулуштарынын эркиндиги каралды.

 

Андан сырткары, сапардын алкагында делегациянын мүчөлөрү Испаниянын Жогорку сотунун, Испаниянын Өкмөтүнүн алдындагы конституциялык изилдөөлөр борборунун, Венеция комиссиясынын, Адам укугу боюнча Европа сотунун судьялары менен жактоочуларынын, Европа Кеңешинин башка органдарынын ишмердүүлүктөрү менен таанышты.

 

Белгилей кетүү керек, бул иш сапар БУУнун Ѳнүктүрүү программасы жана Венеция комиссиясы тарабынан ишке ашырылган жана Европа биримдиги тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө жардам берүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылды.