Меню навигации+

Конституциялык палатанын жылдык чогулушу

16.02.2015

2015-жылдын 12-13-февралында КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жылдык чогулушу болуп ѳттү , ага судьялар, Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле эксперттер жана эл аралык өнөктөштөр катышты.

 

Чогулушту ачып жатып, Конституциялык палатанын Төрагасы Мукамбет Касымалиев, бул иш чара Конституциялык палата түзүлгөндөн бери биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгын жана Конституциялык палатанын 2013-2014-жылдардагы ишин жалпылоо боюнча биринчи аракети экенин билдирди. «Биз отчеттуулук мезгилинде ишмердүүлүгүбүздүн натыйжасын чыгарып, корутунду жасайлы деп, биздин эмнеге жетишкенибизди, кандай көйгөйлөр бар, аларды кантип чечүү керек экендигин аныктоону чечтик. Жетишкен натыйжалардын негизинде биз өз ишмердүүлүгүбүздүн майнаптуулугун жакшыртышыбыз керек. Биз жаңы салтты түзүү максатында мындан кийин да жыл сайын мындай иш-чараны өткөрүп турабыз» – деп белгиледи Төрага.

 

Ошентип, чогулушта Конституциялык палатанын аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн отчеттору угулду, ал эми судья-катчы Чинара Айдарбекова Конституциялык палатанын 2013-2014-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу жалпы маалымат берди.

 

Андан сырткары, чогулушта катышуучулар Конституциялык палатанын Ѳнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча иш натыйжаларын талкуулашты, ошондой эле катышуучуларга электрондук иш кагаздарын айландыруунун системасы (ЭИА) көргөзүлдү, аны жакынкы убакытта ишке киргизүү пландаштырылууда.

 

Өз кезегинде, ПРООН Программасынын кеңешчиси/Европа Кеңешинин жана ПРООНдун «КР ЖС Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө көмөк көргөзүү» долбоорунун менеджери Гульмира Маматкеримова Долбоордун аткарылышы жѳнүндѳ айтып берди, андан кийин судьялар жана ПРООНдун өкүлдөрү, Долбоорду ишке ашыруунун алкагындагы жакынкы убакытка пландаштырылган иш-аракеттерди талкуулашты.

 

Иш чаранын жүрүшүндө ошондой эле, аппараттын мыкты кызматкерлерин Конституциялык палатанын Ардак Грамотасы менен сыйлоо салтанаты ѳттү.