Меню навигации+

Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттардын ассоциациясынын IX жайкы мектеби

08.09.2021

2021-жылдын 7-8 сентябрь күндөрү Туркия Республикасынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулган Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттардын ассоциациясынын IX жайкы мектебине чечимдердин аткарылуусунун анализи жана мыйзамдарды систематизациялоо бөлүмүнүн башчысы З.Эсеналиева жана эксперттик-аналитикалык бөлүмдүн консультантынын м.а. Б.Мырзаканова катышышты.

 

Жайкы мектеп видеоконференция тартибинде  өткөрүлүп, анын алкагында катышуучулар конституциялык сот адилеттиги органдарынын чечимдеринин аткарылуусунун көйгөйлөрү боюнча тематикалык баяндамаларды жасашты.

 

Өз кезегинде, КР Конституциялык сотунун Аппаратынын кызматкерлери соттун чечимдерин аткаруу боюнча тажрыйбасы жана аны жүзөгө ашыруунун мыйзамдардагы механизмдери жөнүндө, ошондой эле өлкөнүн мыйзам чыгаруу органынын кароосунда турган «КР Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорунун алкагында мыйзамдарга сунушталып жаткан толуктоолор жөнүндө айтып беришти.

 

Жалпысынан, катышуучулар конституциялык контролдоо органдарынын чечимдеринин натыйжалуу аткарылуусу боюнча пикирлери жана тажрыйбалары менен алмашышты.

 

Эске салсак, бул Жайкы мектеп 2013-жылдан бери Туркия Республикасынын Конституциялык соту тарабынан  өткөрүлүп келе жатат жана АКСАнын ишмердүүлүгүнүн алкагында кесиптик даярдоону жана адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча Борборунун функцияларын аткарат. КР Конституциялык соту 2015-жылы Азия конституциялык соттордун жана ага шайкеш институттардын ассоциациясынын мүчөсү болгон.