Меню навигации+

Конституциялык палата, Европалык бирлик, БУУѲП жана Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы Конституциялык палатаны колдоо боюнча долбоорлордун жыйынтыгын чыгарууга арналган Жыйынтыктоочу конференция өткөрүштү

13.11.2015

12-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр – Европалык бирликтин, БУУѲПтун жана Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы тарабынан уюштурулган конституциялык сот адилеттигин колдоо боюнча долбоорлордун жыйынтыгын чыгарууга арналган жыйынтыктоочу конференция өткөрүштү, анын жүрүшүндө уюштуруучулар маалыматтар жана долбоорлордун жыйынтыктарын кеңири кызыкдар коомдоштук менен бөлүшүштү.

 

Бул долбоорлор 2013-жылы башталган, Конституциялык палата түзүлөөрү менен дароо эле демократиялык туруктуулукту сактоого, укуктун үстѳмдүгүн бекемдөө зарылдыгына, ошондой эле кайрадан түзүлгөн конституциялык көзөмөл органынын калыбына келтирилишине байланышкан Кыргызстандын муктаждыктарына керек болгон, анын суроо-талаптарына жооп болуп калды.

 

Европалык бирлик бул долбоорлорго финансылык колдоо көргөзүп турду, алар Венеция комиссиясы менен БУУѲПтун тарабынан ишке ашырылды. Эки жылдын аралыгында Конституциялык палата менен биргеликте юридикалык коомдоштукту, мамлекеттик органдарды жана башка максаттуу топторду Конституциялык палатанын ролу жана иштеген кызматы жѳнүндѳ, конституциялык сот өндүрүшүнүн ѳзгѳчѳлүгү жана жарандардын Конституциялык палатага кайрылуусунун өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берүү боюнча чоң иш жүргүзүлдү.

 

Өзгөчө маанилүү көңүл Конституциялык палатанын коом менен коммуникациялары, анын ишинин ачыктыгы жана ачык-айкындыгы, коомчулукка маалымат берүү, ошондой эле конституциялык сот адилеттигинин мыкты эл аралык практикаларына окутуу маселелерине бурулду. Өнөктөштөр менен биргелешкен ишмердүүлүктүн аркасында Конституциялык палатанын дагы сапаттуу иши үчүн укуктук алкак жакшыртылды, веб-сайт түзүлдү, мекемени өнүктүрүү Стратегиясы иштелип чыкты, изилдөөлөр жүргүзүлүп, публикациялар жана видеороликтер чыгарылды. Долбоорлорду ишке ашыруу убагында дүйнөлүк деңгээлдеги конституциялык укук боюнча эксперттердин катышуусу менен Конституциялык палатанын судьялары жана кызматкерлери үчүн 38 окутуучу тренингдер өткөрүлдү, ал эксперттердин арасында Германия, Австрия, Испания, Латвия, Түштүк Корея, Хорватия, Молдова, Түркия, Финляндиянын жана башка өлкөлөрдөгү конституциялык соттору да жана адам укуктары боюнча Европалык сотунун судьялары да бар.

 

Андан тышкары, Конституциялык палатанын долбоорлору мамлекеттик органдардын юристтери, ЖОЖдордун мугалимдери, жактоочулар, эксперттер, өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери жана журналисттер менен тыгыз иштешти. Жалпысынан долбоорлор алдына койгон максаттарын аткарышты, жана Кыргыз Республикасында конституциялык сот адилеттигинин калыптанышына колдоо көргөзүштү.

 

«Конституциялык палатанын Венеция комиссиясы жана БУУѲП менен кызматташып баштаган учурунан баштап, бул Кыргыз Республикасында конституциялык көзөмөлүн өнүктүрүүдө чоң кадам кылып кызмат кылаары айкын көрүнүп калды. Азыркы учурда, биздин кызматташтыгыбыз үзүрлүү болду деп, ишенимдүүлүк менен айта алабыз. Конституциялык палатанын долбоорлору аяктаганда, кызматташуунун ушундай баа жеткис тажрыйбасына ээ болуп туруп, конституциялык көзөмөлдүн көз карандысыз, кадыр барктуу органынын мындан ары өнүгүп, жакшырып кетээрине ишенет», — деп белгиледи Мукамбет Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы.

 

Мукамбет Касымалиев Конституциялык палатанын атынан бул долбоорлорду ишке ашырууга катышкандардын бардыгына, биринчи кезекте көргөзгөн колдоосу үчүн, конституциялык көзөмөл, укуктук мамлекеттин жана Кыргыз Республикасында конституциялуулуктун андан ары өнүгүп кетүү үчүн шарт түзгөн БУУѲПтун жана Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын, Европалык бирликтин кызматкерлеринин командасына зор ыраазычылык билдирди.

 

«Укуктун үстүмдүгүн зарыл болгон шарты болуп, көз карандысыз жана кесипкѳй сот тутуму, анын ичинде – Кыргызстанда – күчтүү Конституциялык палата эсептелет. Ошондуктан, Еропалык бирлик Конституциялык палатаны көз карандысыз сот мекемеси катары колдойт, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясына сый мамиле болушу үчүн өтө зарыл», — деди өз кезегинде Элчи Чезаре де Монтис, Кыргыз Республикасындагы Европалык бирликтин делегациясынын башчысы.

 

Александр Аванесов, БУУѲПтун тутумунун Туруктуу Координатору, БУУѲПтун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү бул маанилүү долбоорго финансылык колдоо көргөзгөнү үчүн Еропалык бирлике ыраазычылык билдирди. «Долбоорлор оор мезгилде, Кыргызстан жана Конституциялык палата абдан муктаж болуп турушканда, андан ары турукташтыруу үчүн, укуктун үстѳмдүгүн, адамдын укугун жана эркиндигин бекемдөөдө, сот реформасына жана конституциялык сот адилеттигине суроо талап көбөйгөн кезде жүргүзүлдү», — деп белгиледи ал. Өзүнүн сөзүн жыйынтыктап, Аванесов Конституциялык палатага анын туруктуу өнүгүүсү үчүн өлкөнүн укуктук аң сезиминин өсүшүн жана конституцияланышында чоң ийгиликтерди каалады.

 

Томас Маркерт, Директор, Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын катчысы, Конституциялык палатанын судьяларына кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди, жана эки институттун өз ара кызматташуусу муну менен аяктабай тургандыгын билдирди. Кыргызстан Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын мүчөсү экенин, ошондуктан Конституциялык палата менен кызматташуу аяктабай тургандыгын билдирди.

 

Томас Маркерт, Кыргызстандын Конституциялык палатасы көз карандысыз сот институту болуп саналаарын өзгөчө баса белгиледи. Бул факт Венеция комиссиясы тарабынан, «2011-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палата жөнүндө» конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жѳнүндѳ мыйзам долбоору боюнча анын корутундусунда таанылып, колго алынган.

 

Жыйынтыктоочу конференциянын убагында коммерциялык эмес уюмдардын, мамлекеттик органдардын, көз карандысыз эксперттердин, юристтердин, практиктердин, ошондой эле эл аралык консультанттардын – Конституциялык соттун мурдагы төрагасы, Венеция комиссиясынын Латвиядагы мүчөсү Айварс Эндзиньштин жана Молдава Республикасынын мурдагы юстиция министри, Венеция комиссиясынын Молдова Республикасындагы мүчөсүнүн орун басары Владимир Гроссунун катышуусунда Конституциялык палатаны өнүктүрүү боюнча андан аркы пландары жѳнүндѳ мини-семинар болуп өттү.

 

6

5