Меню навигации+

Кыргызстандын Конституциялык палатасы Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы менен бирдикте пикир алмашты

09.10.2015

Молдова жана Босния менен Герцеговинадан келген Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын эксперттери КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (ЖС КП) судьялары жана кызматкерлери менен эл аралык келишимдердин конституциялуулугун кароо тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

 

ЖС Конституциялык палатасынын иш милдеттеринин бири болуп, эл аралык келишимдердин Кыргызстандын Конституциясына ылайык келген, мамлекет ратификациялоого ниет кылып жаткан маселелерин кароо болуп эсептелет. 2013-жылы КП негизделген учурдан баштап, буга окшогон келишимдерди экспертизалоонун прецеденти болгон эмес. Палатанын судьялары жана кызматкерлери үчүн мындай милдет келечекте гана кезигиши мүмкүн.

 

Буга окшогон экспертизанын зарыл болгон аспектилерин иликтеп, түшүнүп чыгуу үчүн Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы Конституциялык палатанын өзүнүн демилгеси менен тажрыйба алмашуу, жана кызыктырган суроолорго жооп алуу үчүн адис-конституционалисттерди чакырышты.

 

Эл аралык келишимдердин конституциялык көзөмөлү үчүн Босния менен Герцеговинанын Конституциялык сотунун вице-президенти, Венеция комиссиясынын мүчөсү Златко Кнежевич жана Молдова Республикасынын юстиция министри, Венеция комиссиясынын мүчөсүнүн орун басары Владимир Гросу бет ачарларды өткөрүштү. Мындай иш чара Европа Кеңешинин каржы колдоосу алдында Венеция комиссиясы жана БУУѲП менен биргеликте Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн коргоо боюнча долбоордун алкагында өттү.

 

Кнежевичтин сөзү боюнча, дүйнө глобалдуу, ар бир мамлекет кандай болгон күнү да тиешелүү келишимдер менен жөнгө салынган эл аралык процесстерге тартылат. Ар бир келишим кармоого зарыл болгон укуктарды жана милдеттерди тагат жана көп учурда эл аралык келишимдин улуттук конституцияга шайкеш келүүсү маселеси келип чыгат.

 

«Ошондуктан, бул процессте конституциялык сотторго чоң жоопкерчилик жүктөлгөн, анткени мамлекет эл аралык келишимдердин жоболорун кармашы керекпи, же конституциянын ченемдерине баш ийиши керекпи, конституциялык соттор гана чече алат», – деди Босния менен Герцеговинанын Конституциялык сотунун вице-президенти Златко Кнежевич.

 

Эксперттер дүйнөлүк практикадан алынган ар кандай кырдаалдарды карап чыгышты, анын ичинде Түркия, Россия, Балкан жана батыш европа мамлекеттеринин алардын мыйзамдары жана чечимдери ар кандай эл аралык макулдашууларга шайкеш келүү иштеринин негизиндеги жагдайлар бар.

 

Мисалы, Молдованын юстиция министри Владимир Гросу өз мамлекетинин практикасынын негизинде, анын мамлекетинде бардык эл аралык келишимдер мамлекеттин конституциясынан жогору турбай турганын айтты, бирок, көп учурда эл аралык милдеттерде жана негизги мыйзамдагы ченемдер окшош, өзгөчө, адам укугу жана сот адилеттигине жеткиликтүүлүк сыяктуу негиз салуучу жоболорго келгенде. Андан сырткары, биздин конституциялык сот айрым бир чечимдерди чыгаруу учурунда, кээде тескерисинче эл аралык келишимдердин чечимдерине шилтем келтирет, ошону менен, кээде эл аралык ченемдер көбүрөөк артыкчылыкка ээ экендигин билдиришет, ошондо биздин жергиликтүү мыйзамдар аларга шайкеш келүүсү керек болуп калат», – деп түшүндүрдү Молдавиянын министри Владимир Гросу.

 

КР ЖС Конституциялык палатасынын катчы-судьясы Чынара Айдарбекова, алар буга окшогон тематиканы биринчи жолу кеңири талкуулап жатышкандыгын айтты, жана аларга бул маселени жогорку кесипкѳй эксперттер менен талкуулоо абдан маанилүү, ошондо буга окшогон иштерди кароо аспектинде ачыктыкка жетише алышмак.

 

«Бизде мындай прецедент боло элек, бирок келечекте биз мунун баары алдыда жасай чечишибиз керек. Биз бул келишимдердин КР Конституциясына шайкеш келүү маселесин кароону суранган 18 кайрылуу алдык, бирок анын бардыгы туура эмес жоболоштурулганынан улам, каралган эмес», – деди Айдарбекова. – Бирок, бул биздин бул иштерди кароого даяр эмеспиз дегендик эмес, – жок, даярбыз, бирок бул тематикага кандай кайрылуу туура болоорун мамлекеттик курамдардын юристтерине көргөзүп жана түшүндүрүп беришибиз үчүн кандайдыр бир иштерди жасашыбыз керек экен».

 

Ошондой эле, Айдарбекова, Кыргызстан качандыр бир кезде көп баскычтуу эл аралык сотунун бир бөлүгү болуп калышы мүмкүн экенин билдирди, мисалга, Евразия мейкиндигинин алкагында, ошондо Конституциялык палатага европа мамлекеттеринин тажрыйбасын окуп үйрөнүп чыгууга туура келет, анткени аларда – мисалы, адам укугу боюнча Европа сотунун алкагында мындай тутум көптөн бери ийгиликтүү иштеп келе жатат.

 

КР ЖС Конституциялык палатасынын судьялары жана кызматкерлери ЕК Венеция комиссиясынын эксперттерин кызыгуу менен угушту жана өз ишинин ѳзгѳчѳлүгү боюнча өз суроолорун активдүү беришти.

 

Буга окшогон талкуу, бирок дагы кененирээк жалпы планда коомдоштуктардын, эксперттердин жана мамлекеттик курамдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен 8-октябрда болуп өттү.