Меню навигации+

Конституциялык палата 2015-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарды

02.02.2016

Үстүбүздөгү жылдын 29-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жылдык чогулушу болуп өттү, анда Конституциялык палатанын судьялары жана кызматкерлери катышты.

 

Жылдык чогулушту ачып жатып, Конституциялык палатанын Төрагасы Мукамбет Касымалиев, 2015-жылы Конституциялык палата институционалдык өнүктүрүү планында көп жакшы натыйжаларга жетишкендигин белгилеп өттү. «Үстүбүздөгү жылы биз бирге көптөгөн милдеттерди чогуу аткарышыбыз керек, бул жыл биздин ар бирибиз канчалык майнаптуу, чыгармачыл, натыйжалуу иштээрибизден көз каранды болот» – деп кошумчалады Мукамбет Касымалиев.

 

Иш чарада Конституциялык палатанын аппаратынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кубатбек Дубанаев катышуучуларга, отчеттук мезгилдеги аппараттын иши жана анын курамдык бөлүктөрү жѳнүндѳ айтып берди.

 

2015-жылы аппараттын кызматкерлерин окутууга багытталган көптөгөн иш чаралар өткөрүлгөн. Бул, аналитикалык билимди өнүктүрүү боюнча тренингдер, англис жана кыргыз тили боюнча курстар, эл аралык келишимдердин конституциялык экспертизасы боюнча Венеция комиссиясынын эксперттеринин катышуусу менен семинарлар, башка мамлекеттердин конституциялык соттордун чечиминин электрондук CODICES базасы боюнча, шайлоо мыйзамдары боюнча, Европа бирлиги менен каржыланып жана БУУѲП жана Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы менен ишке ашырылган долбоорлордун алкагында жүргүзүлүп жаткан конституциялык соттордун чечимдеринин жүйөөлөнгөн бөлүгүн даярдоо жана колдонуу боюнча курстар, ошондой эле Мамлекеттик кадрдык кызматтын линиясы боюнча мамлекеттик кызматкерлер үчүн курстар.

 

«Аппаратка, анын натыйжалуу иштеши үчүн техникалык камсыз кылуудан баштап ар кандай тренингдерди жана семинарларды өткөрүүгө чейин бардык шарттар түзүлөт. Өз кезегинде, белгилей кетким келет, ар бир кызматкердин потенциалын анын кызыгуусу жана каалоосу жок ачуу мүмкүн эмес, ошондуктан ар бир кызматкерди болушунча аракет кылууга жана өз алдынча ѳнүгүү мүмкүнчүлүктү колдонуга чакырам» – деп айтты аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палатанын судья-катчысы Чинара Айдарбекова 2015-жыл үчүн Конституциялык палатанын отчетун берди.

 

Бул жыл үчүн Конституциялык палата кайрылууларды кабыл алуу процессин, соттук териштирүүлѳрдү өткөрүү, чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу; башка мамлекеттердин конституциялык соттору жана эл аралык уюмдар, улуттук институттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен кызматташууну бекемдөө процесттерин кандайдыр бир деңгээлде систематизациялады. Ушул эле жылы Конституциялык палатасы менен 2015-2020-жылдардын мезгилине биринчи Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасын Өнүгүү Стратегиясы бекитилди жана анын 2013-2014-жыл үчүн биринчи Жылдык отчету берилди, анда көргөзүлгөн жыл үчүн Конституциялык палатанын иши жѳнүндѳ маалыматтар камтылган.

 

Өзүнүн соттук конституциялык көзөмөл институту катары калыптануусунун биринчи этаптарын өтүп, конституциялык палатанын иши 2015-жылы ѳнүгүү Стратегиясында белгиленген негизги үч багытка басым койду: конституциялык сот адилеттигин жүргүзүүнүн жогорку сапатын камсыз кылуу; иштин ачыктыгын жана ачык-айкындуулуктун камсыз кылуу; конституциялык сот адилеттигинин натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

 

Ошентип, кайрылуулар менен иштөө сапатын жогорулатуу максатында Конституциялык палатада электрондук документ жүгүртүү тутуму (ЭДТ) киргизилди жана ишке ашырылып жатат, ал ИДЛО/ЮСАИД программасы менен ишке ашырылып жаткан Кыргыз Республикасынын сот тутумун бекемдѳѳ боюнча Программанын алкагында иштелип чыккан.

 

«2015-жыл үчүн ЭДТ аркылуу жарандардын жана уюмдардын 71 кайрылуусу катталды, алар конституциялык сот өндүрүшүнүн предмети болуп жана тиешелүү коллегиялардын курамында Конституциялык палатанын судьялары менен изилденип чыкты. Келип түшкөн 71 кайрылуу боюнча (100%) Конституциялык палата менен кайрылууну өндүрүшкө алуу жѳнүндѳ 13 аныктама чыгарылды (18%), кайрылууну өндүрүшкө алуудан баш тартуу жѳнүндѳ 53 судьялар коллегиясынын аныктама чыгарылды (75%), кайрылуу арыз ээсине кайтарылып берилди (1%); 4 кайрылуу кароо стадиясында турат (6%). Бардыгы болуп 2015-жылы Конституциялык палатанын 17 чечим жана 11 токтому кабыл алынды. Конституциялык палатанын кароо предмети болуп санала турган актылары ченем жаратуучу органдар менен берилген маалыматтарды талдоо көргөзүп тургандай, 2015-жылдын 31-январындагы абалга караганда Конституциялык палатанын чечимдеринен келип чыккан 25 тапшырманын ичинен 13 аткарылды, азыр 12 чечим аткарууда турат. Отчеттук жылдын жыйынтыктары боюнча Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу тенденциясы жакшыргандыгы тууралуу корутунду чыгарса болот» – деп белгиледи Конституциялык палатанын судья-катчысы.

 

Өз кезегинде, Төраганын орун басары Эркинбек Мамыров катышуучуларга 2016-жыл үчүн Конституциялык палатанын иш Планын сунуштады жана аталган Планды ишке ашыруунун негизги багыттарын белгилеп өттү.

 

Өзүнүн сөзүндө ал биринчи аткарыла турган милдеттерди айтып өттү, алардын чечилиши да План менен каралган. Ошентип, негизинен иштин Планы Конституциялык палатанын алдындагы Илимий-консультативдик кеңешти түзүүгө байланышкан, конституциялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференцияларды өткөрүүгө, ошондой эле Конституция Күнүнө арналган бир катар иш чараларды өткөрүүгө ж.б. байланышкан бир катар иш чараларды камтыйт.

 

Ошону менен бирге, иш Планынын айрым милдеттерин ишке ашырууда мүмкүн болуучу бир катар кыйынчылыктар белгиленди.

 

Натыйжада, судьялар Конституциялык палатанын 2015-жыл үчүн Жылдык отчетун бекитишти, ал www.constsot.kg расмий сайтта жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдагы иш Планында жайгаштырылат.

 

 

IMG_0480

IMG_0521

IMG_0643