Меню навигации+

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2016-жылга болгон программалык бюджетти талкуулады

29.06.2015

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өкмөт менен парламентке киргенге чейинки сот тутумунун бюджетин талкуулоо боюнча ачык угуу болду. Буга окшогон талкуу аркылуу, Палата, сот тутуму сыяктуу ачык жана тунук иштөөгө умтулат.

 

Сот тутумунун программалык бюджетин коомдук угуу 26-июнда КР ЖС Конституциялык палатасынын төрагасы Мукамбет Касымалиевдин, Жогорку Соттун төрагасы Феруза Джамашева, Бюджет жана финансы боюнча ЖК Комитетинин төрагасы Курманбек Дыйканбаевдин, ошондой эле БУУӨПтүн өкүлдөрүнүн, Европа Кеңешинин, судьялык корпусунун, ЖК депутаттарынын, ӨЭУ эксперттеринин жана өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

 

Талкууда КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менен бардык сот тутумдарынын, ошондой эле сот тутумунун башка мүчөлөрү – Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун, окуу-усулдук борборлорунун жана башка программалык бюджеттеринин долбоорлору сунушталды.

 

Соттордун программалык бюджеттерге өтүүсү – бул Кыргызстанда 2011-2013-жылдарда башталган жаңы реформа, ал эми сот тутуму бул таризге иш жүзүндө өтүүсү 2014-жылы гана башталды. Бул реформага ылайык, бардык мамлекеттик органдар бюджетти калыптандыруунун жаңы формасына өтүүсү керек. Совет мезгилдеринен бери колдонулуп келе жаткан эски программалык бюджеттик бөлүштүрүүнүн ордуна жаңы программалык бюджетке багыт алынды, ал уюмдардын стратегиялык максаттары менен так белгиленген индикаторлору менен, буга бөлүнгөн ресурстардын ортосундагы так байланышты болжолдойт.

 

Өзүнүн саламдашуу сөзүндө КП төрагасы Мукамбет Касымалиев, бюджеттөөнүн колдонулуп жаткан тутумунан программалык бюджетке өтүүсү – бул сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу боюнча узак мөөнөттүү программаларды ишке ашыруу, сот адилеттигине болгон жеткини камсыз кылуу, жарандардын сот ишмердүүлүгү жѳнүндѳгү кабардар болуусун жогорулатуу, судьялардын жана сот кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга мыкты мүмкүнчүлүк экенин белгилеп өттү.

 

«2014-2017-жылдарга КР сот тутумун өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасы реформалоонун масштабдуу максаттарын койду жана аларды аткарууга өнүктүрүү программалары жана өнүктүрүү стратегиялары бекитилди. Буга байланыштуу коюлган максаттарды ишке ашыруу жана сот тутумун тиешелүү түрдө финансылоо жѳнүндѳ маселе курч коюлду. Сотторду жетишээрлик финансылоодо жана материалдык техникалык ресурстар менен камсыз кылуу учурунда соттор мындан да майнаптуу иш алып бара башташат, мына ушул бүгүнкү күндүн артыкчылыктуу милдети болуп саналат», — деп билдирди КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Мукамбет Касымалиев.

 

Касымалиев, чет элдик өлкөлөрдүн Конституциялык соттору жогорку сот органы болуп саналуу менен, жагымдуу шарттардын түзүлүшү үчүн ар тараптуу каражаттар менен камсыз болуп тураарын кошумчалап кетти.

 

«Жумушчу орундардын жетиштүү саны менен, мыкты жабдылган сот отурумунун залы, алдыңкы технологиялар менен жабдылган китепканалары жана сот ишмердүүлүгүнө зарыл болгон башка ыкмалар менен жабдылган атайын имараттары бар. Албетте, буга окшогон финансылоо конституциялык соттордун жемиштүү иштөөсүнө жана кадыр барктуу жана көз карандысыз сот корпусунун калыптанышына шарт түзөт», — деп сөзүн аяктады Мукамбет Касымалиев.

 

Бюджетти иштеп чыгуу үчүн ЖС, КП, Судьялар кеңешинин жана Сот департаментинин, ошондой эле Финансы министрлигинин жумушчу тобу түзүлдү. Топтун иши Конституциялык палатаны колдоо боюнча долбоордун алкагында Европа Кеңеши жана БУУӨПтүн тарабынан колдоого алынды, ал иштеп чыгуучуларга финансы жана бюджеттик эксперттерди тартууга, программалык бюджетти түзүүнүн методологиясын түзүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Программалык бюджетти иштеп чыгуу, стратегиялык максаттарды аныктоо, индикаторлорду иштеп чыгуу боюнча 12 тренинг өткөрүлдү.

 

Алынган билимдин жана тажрыйбалардын негизинде иштеп чыгуучулар тарабынан 2016-жылга карата сот тутумунун бюджетинин долбоору ийгиликтүү иштелип чыкты. Бул долбоор мурдагылардын бардыгынан жакшы сапаты менен айырмаланып турат, ал сот тутумунун стратегиялык багыттарын, анын финансылай керектөөлөрүн так көргөзүп турат. Ал ошондой эле аткаруучу органдардан көз карандысыз сот тутумунун өзү тарабынан, судьялар тарабынан жөнгө салынып турат, бул соттордун финансылык көз карандысыздыгын эки эсеге жогорулатат.

 

КР Европа Кеңешинин делегациясынын өкүлү Огнян Чампоев бюджеттер маселеси боюнча ачык сүйлөшүү жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи, анткени алар бир гана тутумдун тунуктугун жогорулатпастан, сот тутумуна өз ишинин спецификасын түшүндүрүүгө, анын керектөөлөрүн толук камсыз кылууга жардам берет, алар республиканын финансы бийлиги менен сот бийлигинин ортосунда зарыл болгон демократиялык диалогду түзүшөт. Эң башкысы – бул сотторго болгон ишенимди куруу үчүн маанилүү шарт.

 

«Өз бюджети үчүн жоопкерчилик аны колдонуудагы, тутумду дагы кененирээк камтуу үчүн сот тутумунун жетекчилигинин жоопкерчилигин дагы жогорулатат. Бул процесске азыркы учурда Кыргызстанда жасалып жаткандай программалык элементтери киргизүү, бул тармактагы реформачылардын жоопкерчилигин гана жогорулатпастан, реформанын өзүнүн да майнаптуулугун жогорулатат. Анткени, ал динамикага ээ болуп, максатка умтулууну, жемиштүүлүктү камсыз кылат», — деди Европа Кеңешинин өкүлү Огнян Чампоев.

 

Белгилей кетүү керек, Кыргызстандын көз карандысыздык тарыхы ичинде сот тутуму үчүн эч убакта ачык бюджеттик угуулар жүргүзүлгөн эмес. Бул угуулар сот бийлигинин финансылык көз карандысыздыгы жѳнүндѳ маселени дагы бир жолу жарыя кылууга жакшы себеп болуп калды. Угуудан кийин бюджет долбоору кабыл алуу үчүн өкмөткө жана парламентке багытталат.

 

2

3