Меню навигации+

Кыргызстан Азия Конституциялык Сотторунун Ассоциясынын мүчѳсү болду

19.08.2015

Башында Төрагасы М. Касымалиев турган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын делегациясы 2015-жылы 15-17-августта Джакартада, Индонезияда өткөрүлгөн конституциялык арыз боюнча Эл аралык симпозиумга катышты. Симпозиум Индонезия Республикасынын Конституциялык сотунун 12 жылдыгына жана Индонезиянын Көз карандысыздыгынын 70 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн салтанатка арналган. Симпозиумга дагы 17 мамлекеттин конституциялык сотторунун судьялары жана төрагалары катышышты. Эл аралык симпозиумдун ишинин жүрүшүндө делегациянын башчысы М. Касымалиев Симпозиумдун сессиясында төрагалык кылды жана Кыргызстандагы конституциялык арыздарга байланышкан кѳйгѳй боюнча доклад менен чыкты.

Ошондой эле делегациянын башчысы Индонезия Республикасынын Президентинин катышуусу менен Индонезиянын Көз карандысыздыгынын 70 жылдыгына арналган расмий салтанатка катышты.

Белгилей кетүү керек, Симпозиумдун алкагында Азия Конституциялык Сотторунун Ассоциациясынын жана Эквиваленттик Институттардын Кеңешинин (АКСА) отуруму болуп өттү. М. Касымалиев тарабынан өткөрүлгөн эки тараптуу жолугушуулардын натыйжасы боюнча, Ассоциациясынын бардык мүчө-мамлекеттери Кыргыз Республикасынын АКСАнын толук кандуу мүчөлүгүнө кабыл алуу жѳнүндѳгү чечимди бир добуштан колдошту. Кыргыз Республиканын арызы өткөн жылы берилген.

20150815_084431 20150815_141504