Меню навигации+

Өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр жана Конституциялык палата биргелешкен долбоордун жетектөөчү комитетинин отурумун уюштурушту

11.12.2014

Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында Өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менен биргелешип, конституциялык сот адилеттигин колдоо долбоорунун алкагында Жетектөөчү комитеттин отурумун өткөрүштү. Долбоор Европа Кеңеши тарабынан каржыланып, Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы жана ПРООН тарабынан ишке ашырылды. Катышуучулар төрт тараптуу кызматташуунун натыйжаларын талкуулашып, эл аралык менеджерлердин отчетторун, орто мөөнөттүү баалоонун натыйжаларын угушуп, 2015-жылга пландарды белгилешти.

 

Отурумга Конституциялык палатанын төрагасы Мукамбет Касымалиев, судья-катчы Чинара Айдарбекова, КП судьялары Клара Сооронкулова жана Меергүл Бобукеева, Кыргызстандагы ПРООНдун туруктуу өкүлү Александр Аванесов, Европа кеңешинин долбоорлор менеджери, атташе Клаудиа Хок, ошондой эле долбоордун кызматкерлери катышышты. Жетектөөчү комитеттин ролу долбоорлордун отчеттуулугун камсыздоодо, донордук жардамдын майнаптуулугун жогорулатууда жана ишке ашыруу үчүн маанилүү болгон башкаруучу чечимдерди өз убагында кабыл алууда турат.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Мукамбет Касымалиев эл аралык өнөктөштөр тарабынан эл аралык колдоонун маанилүүлүгүн жана өз убагында болгондугун белгиледи. Аталган долбоор Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүнүн эң биринчи айларынан бери коштоп келүүдѳ жана кыска мөөнөттүн ичинде конституциялык сот адилеттигинин эл аралык тажрыйбасын өздөштүрүүгө жана бир аз киргизүүгө жардам берди. Ишке ашырылып жаткан долбоорлор улуттук контентке, Конституциялык палатанын спецификалык керектөөлөрүнө тыгыз байланышканы жана бир жыл ичинде жакшы иш натыйжаларын көргөзгѳндүгү белгиленип кетти. Конституциялык палатанын сайты, «Конституциялык палатанын Жарчысы» басылмаларында анын чечимдерин жарыялоо аркылуу ачык-айкындуулуктун жогорку деңгээлине жетише алды. Конституциялык палатанын жетишкендиктеринин бири болуп, анын ишмердүүлүгү жѳнүндѳ судьялар, кызматкерлер, ӨЭУ, журналисттер үчүн тренингдер, конференциялар, семинарлардын өткөрүлгѳндүгү, жаңы процедуралардын жана бизнес-процесстердин киргизилиши эсептелет. «Биз үчүн бул маанилүү, анткени көп сандаган эксперттер менен тажрыйба алмашуу жүрүп жатат жана бул Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүнө позитивдүү жылыштарды алып келди. Бул семинарлардын натыйжалары “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” конституциялык мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда ѳз ордун тапты” – деп белгиледи Мукамбет Касымалиев.

 

Ал, Конституциялык палатанын ишиндеги жаңы тенденциялар анын ишинин майнаптуулугун, тунуктугун жогорулатууга багытталгандыгын белгилеп өттү. Бул иш дагы уланат. Дагы чечүүгө тийиш болгон маанилүү маселелердин арасында сот чечимдерин аткаруу маселеси турат. Анын кандай чечилгенинен, жалпы эле сот адилеттигинин майнаптуулугу көз каранды.

 

КП судья-катчысы Чинара Айдарбекова, европа сотторунун тажрыйбасын изилдөөнүн, эл аралык экспертизанын, негизинен Венециандык комиссиясынын экспертизасын алуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Андан сырткары, Конституциялык палатанын Ѳнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча башталган иште, сот тутумунун биринчи бюджеттик программасын иштеп чыгуу жѳнүндѳ билдирди.

 

Өз сөзүндѳ Кыргызстандагы ПРООНдун туруктуу өкүлү Александр Аванесов, ПРООН бул программаны ишке ашыруу боюнча каалоосу менен ишке ашырып жаткандыгын белгиледи, жана Конституциялык палатаны, Европа Кеңешин жана Венециандык комиссияны мыкты кызматташтык үчүн ыраазычылыгын билдирди. «Институт жаңы гана иштеп баштады, өзгөчө бул этапта аны орнотуу жана өнүктүрүүдө жардам берүү маанилүү. Калк, өкмөттүк эмес уюмдар, журналисттер менен коммуникация түзүү, соттук коомчулуктун ичинде профессионалдык коммуникацияга жетишүү натыйжага багыт алуу көз карашы боюнча абдан маанилүү»,- деп белгиледи Александр Аванесов. Бардык тараптардын жүйөөсү, кызыкдарлыгы, жоопкерчилиги, ачыктыгы – кызматташууга зарыл болгон курамдык бөлүк болуп саналат.

 

КП ролун жана функциясын түшүндүрүү боюнча бир катар иш чаралар өткөрүлдү, бирок, буга карабай, Конституциялык палата жѳнүндѳ, анын чечимдерин аткаруу зарылдыгы жѳнүндѳ маалымат дагы эле жетишсиз. Азыркы учурда палатанын ролу жѳнүндѳ жана ага болгон ишенимдин деңгээлине карата абдан маанилүү социалдык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат. Долбоордун менеджери Гульмира Маматкеримованын сөзү боюнча, бул Конституциялык палатанын тапшырыгы менен жүргүзүлгөн биринчи социологиялык анализ болуп эсептелет, анын максаты коомдук пикирди изилдөө жана коом менен коммуникацияны жакшыртуу, ал менен кайра байланыштын механизмин түзүү болуп саналат.

 

«Долбоор азыр да чоң натыйжага жетишти, менин көз карашымда биз долбоорду ишке ашыруунун жогорку түйүнүндө турабыз, биз мындан ары да Конституциялык палатага өз эксперттик билимди жана эксперттик жардамыбызды берүүгө даярбыз. Үстүбүздөгү жылда Конституциялык палатанын судьялары үчүн Молдава менен Румыниянын эксперттеринин катышуусу менен семинар өттү, андан сырткары соттун ишин ички уюштуруу жана сот чечимдерин жазуу боюнча тренинг өткөрүлдү», — деп кошумчалады Европа Кеңешинин Венециандык комиссиясынан долбоор менеджери Светлана Анисимова.

 

2015-жылы биргелешкен кийинки ишти жүргүзүү пландаштырылды: судьялар жана кызматкерлер үчүн интенсивдүү окутуу, бийликти бөлүштүрүү тутуму жана башка сыяктуу актуалдуу темаларга эл аралык эксперттердин катышуусу менен тегерек столдор сериясын ѳткѳзүү. Конституциялык палатанын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууну аяктоо болжолдонду: изилдөөлөр, сот практикасын жалпылоо, электрондук соттун ар кандай элементтерин киргизүү, анын ичинде кайрылуунун электрондук формуляр түрү боюнча, сот чечимдеринин базасын, аудио-видео-протоколдоо кызматын түзүү жана анча чоң эмес, бирок майнаптуу, укуктук жана электрондук аспаптарды түзүү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасын колдоо боюнча долбоорлор Европа Кеңеши менен каржыланат жана Европа Кеңешинин Венециандык комиссиясы жана ПРООН тарабынан ишке ашырылат. Долбоордун максаты Кыргыз Республикасындагы укуктун туруктуулугун жана үстѳмдүгүн бекемдөө болуп саналат. Негизги компоненттер – эл аралык стандарттар, Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу чөйрө түзүү, Конституциялык палатанын коом менен коммуникациясынын майнаптуулугун жогорулатуу жана ишенимди көтөрүү, институционалдык өнүктүрүү жана потенциалын жогорулатуу болуп саналат.