Меню навигации+

Жогорку Кеңештин депутаттарынын кароосуна сот системасынын органдарынын биринчи бюджеттик программасы кароого берилди

24.10.2014

2014-жылдын 17-жана 23-октябрында Кыргыз Республикасынын сот системасынын бюджеттик программасын иштеп чыгуу боюнча тренингдер цикли болуп өттү, ал КР Жогорку сотунун Констициялык палатасы, КР судьялар Кеңеши жана Европа Биримдиги-ПРООНдун «КР Жогорку сотунун Констициялык палатасынын ишмердүүлүгүнө көмөк көргөзүү» долбоорунун колдоосу менен КР Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти жана башка сот органдарынын активдүү катышуусу менен өттү.

 

Судьялар Кеңешинин жумушчу тобу жергиликтүү бюджеттик эксперттерди тартуу менен, сот тутумунун биринчи бюджетин программалык форматта иштеп чыкты. Азыркы учурда ал парламентте кароодо турат. Жума сайын Жогорку Кеңештин фракцияларында жана комитеттеринде «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамынын долбоору каралат, анын алкагында сот тутумунун бюджети да каралмакчу.

 

Гүлжан Есеналиева, судьялар Кеңешинин Бюджеттик комиссиясынын төрайымы мындай деп белгиледи: «Бюджеттик программаны калыптандыруунун негизи болуп «КР сот тутумун 2014-2017-жылдарга өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасы (ММП) болуп калды. Негизи, бизге көзөмөл сандары жана сумманын эң жогорку чеги берилет. Бирок, КР Конституциясында,сот тутуму бюджетти калыптандырууда өз алдынча деп айтылган. Сот тутуму дайыма эле биз сунуштаган сумманы ала албай калат. Мисалы, 2008-жылдын бюджети мамлекеттик бюджеттин чыгыштоо бөлүмүнүн 0,9% түздү, жыл өткөн сайын бул өлчөм азайып отуруп, 2013-жылы 0,35% га жетти. Бул мурдагы суммалардан дээрлик үч эсеге аз, бул мамлекеттеги бюджетте каражаттын жоктугу менен түшүндүрүлдү. 2015-жылга Финансы министрлиги биздин керектөөлөрдү 99,9% га канааттандырып берди, бул биз үчүн чоң жетишкендик. Ушул жылдан баштап, сот тутумунун бюджети программалык форматта иштелип чыгат. Ошондуктан, азыр эле аны жаңы форматта иштеп чыгууга даярдашыбыз керек жана ага адистерди даярдашыбыз керек. Бул тренинг – биздин адистер үчүн жакшы окуу».

 

ЕБ-ПРООН долбоору тарабынан өткөрүлгөн семинар, бюджетти иштеп чыгуучуларга сот тутумунан бюджетти иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон маалыматтардын базалык пакетин берет. Тренингдин жүрүшүндө сот органдарынын 80 ден ашык кызматкерлери окутулду (Жогорку сот, Жогорку соттун Конституциялык палатасы, Жогорку соттун алдындагы сот департаменти, Жогорку соттун алдындагы судьяларды окутуу борбору).

 

ПРООН программасынын кеңешчиси Гульмира Маматкеримова белгилеп кеткендей: «Программалык бюджетти киргизүү – бүгүнкү күнү бюджет тармагында күн тартибинде биринчилерден болуп турган абдан маанилүү маселе. Кыргызстан жана анын мамлекеттик институттары өздөрүнүн стратегиялык пландарын ишке ашыруу үчүн туруктуу жетишпестиктерди сезишет. Программалык бюджетке өтүү – финансы көйгөйлөрүн чечүү мүмкүнчүлүгү катары Кыргызстан үчүн зарыл болуп эсептелет».

 

Белгилей кетүү керек, программалык негизде бюджеттөө, чектелген финансылоонун шартында сектор үчүн биринчи кезектеги артыкчылыктарды табууга, жана аларга басым коюуга мүмкүндүк берет. Сот тутумунун органдарынын бюджети менен таанышкан ар бир жаран эми бир гана каржы чыгымдары жѳнүндѳ маалымат албастан, алардын ишмердүүлүгүнүн түпкү натыйжасы жѳнүндѳ кабардар болот, мисалы, стандарттарга жана гигиеналык ченемдерге ылайык келген соттордун саны, аткарылган сот актыларынын үлүшү ж.б.