Меню навигации+

Автоунаа каражаттар ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү» Мыйзамынын ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү тууралуу

22.09.2016

2016-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы «Автоунаа каражаттар ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү» Мыйзамынын ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү тууралуу ишти карап чыгып, аталган жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбей тургандыгын тапты.

 

Жаран Т.Иманкулов аталган Мыйзамдын ченемдик жоболорун конституцияга каршы экендигин таануу тууралуу өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылган, анткени автоунаа каражаттарынын аманатын камсыздандыруу боюнча жалпы милдеттендирүү менчик ээлеринин өз мүлкүнө ээлик кылуу, аны пайдалануу жана колдонуу боюнча укуктарына чек коет да, жарандын жана адамдын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгарган же кемсинткен мыйзамдарды чыгаруу мүмкүн эмес деген конституциялык айбатты (принципти) бузуп жатат деген соболду өз өтүнүчүндө келтирет.

 

Конституциялык палата өз чечиминде Конституция аныктаган чектерде менчик укугун кароодо, ал укукту ишке ашырууда ээлик кылуу, пайдалануу жана колдонуу жагындагы гана менчикке болгон укуктарды гана карабастан жарандын жана адамдын колундагы менчигинин каралышы милдетин да карайт. Мүлктүн каралышына карата так милдеттенмелер биринчи кезекте алардын субьектисине эмес, ал мүлктүн түрүнө жана мүнөзүнө, айлана-чөйрөдөгүлөр үчүн кооптуулугу артыкбаш болгондугу биринчи кезекте каралат. Ал эми Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде автоунаа каражаттар ээлеринин жоопкерчилигин кооптуулугу артык булак катары бекитүү бул маселенин чечилишине алып келген жок, себеп дегенде жабыр тарттырган зыянкечтин (автоунаа ээсинин) керектүү акча каражаты жана мүлкү болбой калып, зыянкеч келтирген зыяндын ордун толтуруудан баш тартып качып жүрө берет.

 

Автоунаа каражаттар ээлерине карата жарандык жоопкерчиликти камсыздандуруунун жалпыга тиешелүү айбатын (принцибин) жана милдеттендирмесин киргизмейин жабыр тарткандарга зыяндын ордун толтуруу мүмкүн эмес.

 

Конституцияда бекитилген бүткүл коом үчүн маанилүү болгон адамдын өмүрү жана саламаттыгы, анын мүлкүн кайтаруу сыяктуу ажырагыс өзгөчө талаптары автоунаа каражаттар ээлеринин жарандык жоопкерчилик аманатын камсыздандыруунун жалпыга тиешелүү жана милдеттүү болушун шарттайт, аны аткарбоо автоунаа каражаттарын пайдалануу укугун чектөөго алып келет, мындай чектөө жарандын конституциялык укуктарына тете чектөө катары каралышы мүмкүн эмес.

 

Төрага кылуучу жана баяндамачы судья: Мамыров Эркинбек Тобокелович