Меню навигации+

Борбордук Азия мамлекеттеринин конституциялык контролдоо органдары Конституциянын үстѳмдүгүн коргоо боюнча кызматташуу маселесин талкуулашты

02.11.2015

2015-жылдын 28-октябрынан 29-октябрга чейин Страсбург шаарында, Францияда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын делегациясы Төрага М. Касымалиев менен бирге Борбордук Азиянын мамлекеттеринин конституциялык контролдоо органдарынын регионалдык Конференциясынын ишине катышышты, ал «Конституциянын үстѳмдүгүн коргоодо конституциялык контролдоонун ролу» деген темада өттү.

 

Конференциянын негизги максаты болуп, Борбордук Азиянын мамлекеттериндеги конституциялык контролдоо органдарынын ортосунда кызматташууну өркүндөтүү болуп саналат. Конференция Европа Кеңешинин (Венеция Комиссиясы) «Укук аркылуу демократия үчүн» Европа Комиссиясы аркылуу ишке ашырылган Түркиянын тышкы иштер министрлигинин жана Европа Биримдигинин финансылык колдоосу алдында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатаны колдоо боюнча долбоордун алкагында өткөрүлдү.

 

Конференциянын ишинде Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Хорватия, Түркия жана Армениянын Конституциялык сотторунун төрагалары жана судьялары, ошондой эле башында Президенти Джанни Букиккио турган Европа Кеңешинин Венеция Комиссиясынын өкүлдөрү катышышты.

 

Конференцияда бийликти бөлүштүрүү принциби жана конституциялык контролдоо органдары, конституциялык интерпретациялоо ыкмалары сыяктуу жалпы кызыкчылыкты жараткан маселелер талкууланды.

 

Конференциянын ишинин биринчи күнүндө Кыргызстандын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы М. Касымалиев жана судья К. Киргизбаев Кыргызстандын тажрыйбасы жѳнүндѳ тематикалык докладдар менен чыгышты.

 

Конференциянын катышуучулары адам укугун коргоо тармагындагы, сот адилеттигине жана укуктун үстѳмдүгүнѳ жеткиликтүүлүк тармагындагы алдыңкы практикадагы тажрыйбалары менен бөлүшүштү, ошондой эле эл аралык деңгээлде макулдашылган стандарттарды ишке ашыруудагы өздөрүнүн алдыңкы практикалары менен бөлүшүштү.

 

Конференциянын бардык катышуучулары, конституциялык контролдоо органдарынын бекемдөө сот тутумун реформалоону ишке ашыруу үчүн чечүүчү мааниге ээ деген бирдиктүү пикирлерин билдиришти. Бул сот тутумунун бийликтин башка бутактарынан болгон көз карандысыздыгынын бекемделишине шарт түзөт, бул өз кезегинде анын натыйжалуулугун жана айкындуулугун жакшыртууга мүмкүндүк берет. Буга байланыштуу Венеция комиссиясы тарабынан ушундай регионалдык жолугушууларды мезгилдүү негизде уюштуруп туруу сунушу түштү.

 

Конференциянын аягында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын делегациясы Венеция комиссиясынын Президенти Джанни Букиккио менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Өз ара түшүнүшүү атмосферанын достук жанат конструктивдүү маанайында болуп жаткан жолугушуунун жүрүшүндө, катышуучулар Европа Биримдиги тарабынан каржыланган жана БУУѲП менен Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын программасы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгын чыгарышты.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Конституциялык палатанын Төрагасы М. Касымалиев, Венеция Комиссиясы менен Конституциялык палатанын өз ара мамилеси мындан ары да бекемделип, өнүгө берет деген үмүттө экендигин билдирди, жана Конституциялык палатанын жана Венеция комиссиясынын бир жалпы максаты – адамдын жана жарандын укугун жана эркиндигин камсыз кылуу жана коргоо экендигин белгилеп өттү.

 

Жолугушууда, бул долбоордун алкагында Конституциялык палата институционалдык колдоонун жакшы тажрыйбасы жѳнүндѳ белгиленип, конституциялык сот адилеттиги тармагында эки тараптуу кызматташууну жана өз ара кызыкчылык туудурган башка багыттарды андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө келечектерине өзгөчө көңүл бурулду.