Меню навигации+

«Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүнө кѳмѳк кѳрсѳтүү» Долбоорунун алкагында отчет каралып, андан аркы аракеттер белгиленди

15.09.2014

Ушул жылдын 12-14 – сентябрында Ысык-Көлдүн жээгинде Конституциялык палатанын Европа Союзу жана ООНдун Ѳнүктүрүү Программасы менен биргеликте уюштурулган «КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө кѳмѳк кѳрсѳтүү» Долбоорунун көчмө иш чарасы болуп ѳттү.

 

Иш чаранын жүрүшүндө ММК,ӨЭУ, илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жана Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери үчүн өткөрүлгөн жайкы мектептердин натыйжалары каралды. Ошондой эле Конституциялык палатанын өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу, Конституциялык палатанын программалык бюджетин түзүү, Европа Союзу, ООНдун Ѳнүктүрүү Программасы жана Конституциялык палатанын долбоорунун андан аркы иштерин координациялоо маселелери каралды.

 

Өз кезегинде Конституциялык палатанын төрагасы Мукамбет Касымалиев ООНдун Ѳнүктүрүү Программасынын өкүлдөрүнө кызматташтыгы үчүн дагы бир жолу ыраазычылыгын билдирип, бул долбоор Кыргыз Республикасында конституциялык сот адилеттигинин андан аркы өнүгүүсүнө жардам берээрин белгилеп өттү.

 

Эстетип кетсек, 18 айга эсептелген «КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө кѳмѳк кѳрсѳтүү» Долбоору 2013-жылы ноябрда башталган. Долбоор Европа Союзу тарабынан каржыланып, ООНдун Ѳнүктүрүү Программасы тарабынан ишке ашырылууда. Долбоордун башкы максаты: Кыргыз Республикасында укуктун үстѳмдүгүн жана туруктуулукту бекемдөөдѳ, конституциялык тең салмактуулук тутумун түзүүдө,  Конституция тарабынан кепилденген укуктарды жана эркиндиктерди коргоодо институционалдык, укуктук, техникалык жана каржылай колдоо көргѳзүү аркылуу Кыргызстандын элине жардам берүү.

IMG_6556

IMG_5872