Меню навигации+

Конституциялык палатадагы биринчи ачык эшиктер күнү

08.05.2014

Бүгүн, 8-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы борбордук жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн өз эшигин ачты.
Судьялар эки алдыңкы ЖОЖ – Кыргыз Улуттук университетинин жана Кыргыз-Орусия (Славян) университетинин юрист-студенттерин чакырышты. Келечектеги юристтер Конституциялык палатанын иши, функциялары менен таанышып, конституциялык сот өндүрүшү тууралуу терең түшүнүк алуу үчүн келишти.

Экскурсиянын башталышы алдында меймандар Конституциялык палата жѳнүндѳ жалпы маалымат алышты жана Конституциялык палата жайгашкан тарыхый имараттын жанында туруп, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Иш чаранын расмий бөлүгү соттук жыйналыш залында башталды, ал жакта төрага жана судьялар менен жолугушуу ѳткѳрүлдү.
Болочок юристтерге кайрылып жатып, Конституциялык палатанын төрагасы Мукамбет Касымалиев, студенттердин көпчүлүгү келечекте Конституциялык палатанын судьяларынын жолун жолдоп, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун татыктуу өкүлдөрү болоруна ишенээрин билдирди, ал эми судьялар болсо, Конституциялык палатанын эшиги ар бир жаран үчүн ачык экендигин, ар бири соттук жыйналышка катыша аларын белгилешти.

Студенттер өз кезегинде, Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү менен таанышууга берилген мүмкүндүк үчүн ыраазычылыгын билдиришип, органдын ишмердүүлүгүнүн коомчулук үчүн ачыктыгын белгилешти.
Меймандар менен судьялардын ортосунда кызыктуу маектешүү болуп өттү, анда студенттер конституциялык сот өндүрүшкѳ болгон кызыкчылыгын көргөзүшүп, теманы профессионалдык деңгээлде түшүнүшөөрүн көргөзүштү.

Конституциялык палатанын кызматкерлери уюмдун сайты жѳнүндѳ айтып беришти, сайттын меймандары Кыргыз Республикасындагы конституциялык сот адилеттигинин түзүлүшү жана өнүгүшү туурасында кайсы жактан тааныша ала тургандыгын, Конституциялык палатанын азыркы ишмердүүлүгү жѳнүндѳ, соттук жыйналыштын жылнаамасы, кабыл алынган актылар жана башка маалыматтар жѳнүндѳ кеңири айтып, көргөзүп беришти.

Жолугушуу бардык тарапка жакты, ал абдан достук жана кызыктуу жагдайда өттү, юрист-студенттер Фемиданын кызматкерлери менен тартынбастан маектешип жатышты, ал эми судьялар балдардын чындап кызыкдар болгонуна кубанычта болушту.
Конституциялык палата мындан кийин да Кыргызстандын окуучулары жана студенттери үчүн буга окшогон иш чараларды уюштуруп, жаштарды өз ишмердүүлүгү менен тааныштырууну улантат.

SAG_3046SAG_3005