Меню навигации+

Кыргызстандын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менен Азербайжандын Конституциялык сотунун ортосунда кызматташуу жѳнүндѳ меморандумга кол коюлду

13.10.2014

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын делегациясы ушул жылдын 8-12-октябрында төрага Мукамбет Касымалиевдин башчылыгы алдында Азербайжан Республикасында Баку шаарында иш сапары менен болушту.

 

Кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Ардактуу көмүү аллеясына барышты, анда көз карандысыз азербайжан мамлекетинин түзүүчүсүнүн, азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин жаркын элесине урмат көргөзүштү жана анын бейитине азагүл коюшту.

 

Иш сапардын жүрүшүндө Конституциялык палатанын төрагасы Мукамбет Касымалиев Азербайжандын Конституциялык сотунун төрагасы Фархад Абдуллаев менен жолугушту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менен Азербайжан Республикасынын Конституциялык сотунун ортосунда кызматташуу жѳнүндѳ меморандумга кол коюлду.

 

Жолугушууда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу байланыштын деңгээлин канааттандыраарлык деп табылып, бул байланыштар кеңейтилип, жакшы келечекке ээ экендигин белгиленди.

 

Азербайжандын Конституциялык сотунун төрагасы Фархад Абдуллаев кол коюлган Кызматташуу жѳнүндѳ меморандум эки мамлекеттин укуктук тутумдары үчүн маанилүү окуя болорун, конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн тыгыз кызматташууга умтулуу жана эркин билдирүү болуп калаарын белгилеп өттү.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палатанын төрагасы Мукамбет Касымалиев жылуу жүз менен кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Меморандумга кол коюу укук чөйрөсүндө биздин мамлекеттердин ортосунда байланышты кеңейтүү кызматын аткарарын жана бул багытта кызматташуу үчүн укуктук базаны түзөөрүн белгиледи.

 

Кыргыз Республикасынын делегациясынын Азербайжан мамлекетине барып келүү программасынын алкагында Азербайжандын Милли Меджлисинин (парламенттин) биринчи вице-спикери З.Аскеров, Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Р.Рзаев, Азербайжан Республикасынын адам укугу боюнча ыйгарымдуу өкүлү (Омбудсмен) Э.Сулейманова айым жана Азербайжан Республикасынын юстиция министринин орун басары А.Джафаров менен жолугушуулар болду.