Меню навигации+

Конституциялык палата менен жождордун ортосундагы кызматташтык жѳнүндѳ меморандумдарга кол коюлду

22.04.2016

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында Конституциялык палата менен Бишкек шаарынын жождорунун ортосундагы кызматташтык жѳнүндѳ меморандумга кол коюу боюнча салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Иш чарага Конституциялык палатанын судьялары, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин ректору Ч.А. Адамкулова, КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Н.Т. Айтмурзаев, КР Ѳкмѳтүнѳ караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын проректору А.Ш. Мамбеткулов, Б.Н. Ельциндин атындагы Кыргызстан-Россия Славян Университетинин проректору Л.Ч. Сыдыкова, ошондой эле аталган жождордун конституциялык укук кафедраларынын декандары, окутуучулары катышышты.

 

«Бүгүнкү иш чара, биздин байланышыбыз мындан ары да активдүү өнүгүп, өз ара кызматташуубуз бекемдеп жана кеңейе берээринин кепилдиги болуп калат» – деп белгиледи Конституциялык палатанын төрагасы Мукамбет Касымалиев. «Кол коюлган меморандумдардын алкагында, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жана жалпы таанылган демократиялык принциптерди коргоо, конституциялык укук маселелери боюнча илимий тармакта өз ара мамиле куруу үчүн институционалдык негиздерди калыптандыруу боюнча маанилүү аспап болуп саналган конституциялык көзөмөл маселелери боюнча, укуктук билим берүү тармагында натыйжалуу кызматташууну жөнгө салуу да күтүлүүдѳ» – деп кошумчалады тѳрага.

 

Кол коюлган документтерде, ченемдик-укуктук жана илимий-изилдөөчүлүк маалымат менен алмашуу; биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, тегерек столдорду өткөрүү; китепканалык жана башка маалымат булактарына өз ара мүмкүнчүлүк берүү; Конституциялык палатанын судьяларын жана аппаратынын кызматкерлерин илимий кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн конституциялык сот адилеттиги маселелери боюнча илимий-практикалык изилдөөлөргө тартуу; студенттердин Конституциялык палатада окуу-таанышуучу, өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикаларын өтүүсү; Конституциялык палатанын кызматкерлерин аспирантурага кабыл алуу жана окутуу сыяктуу кызматташтыктын формалары да каралган.

 

Белгилей кетсек, Конституциялык палата өзүнүн ишмердүүлүгүн баштаган мезгилден тартып билим берүү мекемелери менен өз ара кызматташтык боюнча иш чараларды активдүү жүргүзѳт. Бул убакыттын ичинде студенттердин Конституциялык палатынын аппаратында практика жана стажировка өтүүсү, ачык эшиктер күнүн өткөрүү, эссе сынактарын, студенттер үчүн мейман лекцияларды өткөрүү мамилелери, ошондой эле «Сот адилеттигинин конституциялык укугу» сабагынын окутуучулары үчүн конституционализмдин Жайкы мектебин өткөрүп туруу да жөнгө салынган.