Меню навигации+

Конституциялык палатанын Төрагасы Астана шаарындагы Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

01.09.2017

































29-30-августтарда Астана шаарында Казакстан Республикасынын Конституция күнүнө карата “Конституция жана коом, мамлекеттин жандануусу” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Конференциянын ишине Казакстандын мамлекеттик түзүмдөрүнүн, БУУ, ОБСЕ, ЕС, Европа Кеңеши, ЭЭС соту, Эл аралык укуктук кызматташуунун Германия коому, Эл аралык юристтер союзу сыяктуу кадырлуу эл аралык уюмдардын жетекчилери, ошондой эле Армения, Болгария, Венгрия, Германия, Грузия, Иордания, Кыргызстан, Латвия, Россия, Сербия, Таджикистан, Туркия, Өзбекистан жана Украина, баардыгы болуп 14 мамлекеттин конституциялык контролдоо органдарынын, соттордун жана укук коргоо мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

 

Иш-чара коомдун жана мамлекеттин заманбап болуу процессинде Конституциянын ролун жана маанисин талкууга арналган. Конференциянын уюштуруучулары Европа Кеңешинин укук аркылуу демократия үчүн (Венеция комиссиясы) Европа комиссиясынын колдоосу менен Казакстан Республикасынын Конституциялык Кеңеши болушту.

 

Конференциянын жүрүшүндө Конституциялык палатанын Төрагасы Эркинбек Мамыров “Конституция коом жана мамлекеттин жандануусунун негизи” темадагы доклад менен чыгып сүйлөдү жана ѳз сѳзүндѳ Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамы болгон Конституциянын мамлекеттин ѳнүгүүсүндѳгү ролун жана маанисин баса белгиледи.

 

Конференциянын катышуучулары конституциялык сот өндүрүшүнүн көйгөйлүү багыттары боюнча суроолорду талкуулашып, маалымат менен да алмашышты.