Меню навигации+

Конституциялык палатанын төрагасы болочок юристтер үчүн мейман лекциясын өткөрдү

14.04.2017

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыров Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетинин стеденттери үчүн мейман лекциясын өткөрдү.

 

Студенттердин алдында сөз сүйлөп жатып, Эркинбек Мамыров Конституциялык платанын ишмерлиги, мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунда анын ролу жана орду жөнүндө айтып берди. Андан тышкары, Төрага Конституциялык палатанын ыйгарым укуктарына, талашылып жаткан ченемдик укуктук актыларды сынга алуу учурунда конституциялык контролдоо органдарынын мамилелери менен принциптерине жана кабыл алынган чечимдерге кеңири токтолуп кетти.

 

«Биздин Конституция конституциялык контролдоонун абстрактуу түрүн карайт, ар ким Конституцияда таанылган укуктары жана эркиндиктери мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар аркылуу бузулуп жатат деп эсептесе, андай учурларда алардын (мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын) конституциялуулугун талашууга акысы бар дегенди билдирет. Контролдоонун дал ушул түрү өлкөнүн көп сандаган жарандарына конституциялык адилет сот аркылуу өз укуктарын коргоо мүмкүнчүлүгүн берген, натыйжада, Конституциялык палата түзүлгөндөн тарта, үч жарым жыл ичинде 70 чечим кабыл алынды. Бул чечимдерде талашылып жаткан ченемдик укуктук актылардын бир катары Конституцияга карама-каршы келбейт деп таанылды, бир катары карама-каршы деп таанылган. Ошондой эле, конституциялык контролдоону жүзөгө ашырууда коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салуу маселелеринде кенемтелер табылууда, алар кийин мыйзам чыгаруу органы тарабынан четтетилиши керек», – деп Конституциялык палатанын төрагасы өзүнүн сөзүндө баса белгилеп кетти.

 

Өз кезегинде, студенттер суроолорду активдүү беришип, Конституциялык палатанын ишмерлигинин ар кандай аспектилерине жана Кыргыз Республикасындагы конституциялык мыйзамдуулукка кызыкчылыгын арттырып турушту.

 

Эркинбек Мамыров сөзүнүн аягында студенттерге окуусун ийгиликтүү аяктап, өз ишинин кесипкөй адиси болууга тилектештигин билдирди.

 

Ушул иш-чараны улантып, Конституциялык палатанын судьялары Кыргыз Респбликасынын Конституциянын Күнүнө арналган мейман лекцияларын Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын, К.Дикамбаев атындагы КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын, Борбордук Азиядагы Америка университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери үчүн мейман лекцияларын өткөрүүнү пландаштырууда.