Меню навигации+

Конституциялык палатасынын төрагасы Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттигинин мыйзам үстөмдүгү маселелери боюнча ага кеңешчиси менен жолугушту

05.10.2016

4-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыров, төраганын орун басары Куанбек Киргизбаев, судья-катчы Меергель Бобукеева жана судья Чинара Айдарбекова Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттигинин мыйзам үстөмдүгү маселелери боюнча ага кеңешчиси, Эндрю Соломон (USAID), демократияны өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы, Кори Джонстон (USAID, Бишкек ш.) жана долбоорлорду башкаруу боюнча адис, Назгуль Акишева (USAID, Бишкек ш.) менен жолугушту.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Конституциялык палатанын төрагасы Э.Мамыров конституциялык адилет сотун ишке ашырууну өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча пландар туурасында маек курду. Үз кезегинде Энрю Соломон USAIDдин Кырыгзстандын сот тутумун андан ары колдоо боюнча кызыкдар экенин билдирди.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Э.Мамыров USAID өкүлдөрүн көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргызстанда конституциялык көзөмөл институтун бекемдөөдө жана өнүктүрүүдө мындан ары жемиштүү кызматташтыкка үмүт бар экенин билдирди.