Меню навигации+

Венеция комиссиясынын өкүлдөрү шайлоо укугу тармагындагы Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн жогору баалашты

15.06.2016

 

2016-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында төрага М. Касымалиев жана судьялар Ч. Айдарбекова, Э. Осконбаев менен Венеция комиссиясынын делегаттары Арис Цимдарс - Латвиянын шайлоо комиссиясынын төрагасы, Питер Вордл – шайлоо укугу маселелери боюнча эксперт (Улуу Британия), Владимир Гросу –Венеция комиссиясынын Молдовадан мүчөсүнүн орун басары, Светлана Анисимова – Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын регионалдык кызматташуу программалар бөлүмүнүн Борбордук Азиядагы долбоорлор боюнча менеджеринин курамында жолугушуу болуп өттү.

 

Конституциялык палатанын төрагасы М. Касымалиев Венеция комиссиясынын мүчөлөрүнө саламын жолдоп, Конституциялык палатанын Кыргызстандын өз алдынча конституциялык контролдоо органы катары калыптанышындагы  жана өнүгүшүндөгү позитивдүү ролун белгилеп кетти. Өз кезегинде, Светлана Анисимова шайлоочулардын укугун коргоо тармагында Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн жогору баалады жана Конституциялык палатаны судьяларына Европа Биримдиги тарабынан каржыланып жаткан Кыргызстандын шайлоо тутумун колдоо боюнча жаңы долбоордун иши жѳнүндѳ маалымат берди. Ал, долбоор Кыргызстанга шайлоо тутумун жакшыртуу үчүн жана эл аралык стандарттарга ылайык чынчыл жана тунук шайлоолорду өткөрүүгө олуттуу жардам көргөзүүгө багыттала тургандыгын белгилеп өттү. Ал, ушул долбоорду ишке ашыруу процессинде Кыргызстандын бийлик институттары менен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менен, чектеш түйүндөрү табылат деген ишенимин билдирип кетти. 

 

Андан кийин, Конституциялык палатанын төрагасы М. Касымалиев Венеция комиссиясынын өкүлдөрүнө Конституциялык палатанын жарандардын шайлоо укугу тармагындагы кабыл алган чечимдери жана Кыргыз Республикасынын шайлоо өткөрүү тартиптери жѳнүндѳ кыскача маалымат берди, ошондой эле башка көптөгөн маселелер боюнча Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы менен мындан ары да жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.