Меню навигации+

«Автомобиль транспорту жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

16.11.2016

 

КР ЖС Конституциялык палатасы 2016-жылдын 16-ноябрында жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн автомобилдин огуна карата алганда рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди пайдаланууга тыюу салынган «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерди.

 

Конституциялык палата өз чечимин кийинки жүйөөлөрдүн негизинде чыгарды.

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында транспорт каражаттарынын оң тараптуу кыймылы белгиленген, ал жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында айдоочунун ордун маңдайлаш келаткан кыймылга карата сол жагында болушун орноткон. Оң тараптуу кыймылы бар жолдордо рулу оң жагында болгон автомобильдерди эксплуатациялоо жол коопсуздугу үчүн артыкча кооптуулукту түзөт, бул жагын жол коопсуздугу жана автоунаа каражаттарын каттоо маселелерин көздөгөн ыйгарым укуктуу органдын жол кырсыгы боюнча анализи ырастайт.

 

Ушундан улам, мыйзам чыгаруучу зарылдык, өлчөмдөш жана пропорциялуулук конституциялык критерийлерине таянып, эгер бул жагдай коомдук коопсуздук, адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо үчүн зарыл болсо, коомдук жана жеке кызыкчылыктар ортосунда тең салмактуулукту камсыз кылып чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн.Ушуга байланыштуу, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамында талашалып жаткан ченем аркылуу кирген чектөөнү Конституциялык палаты мүмкүн деп тапты.

 

 

Отурумда төрагалык кылуучу        Мамыров Эркинбек Тобокелович

 

Судья — баяндамачы                            Бобукеева Меергуль Рыскулбековна