Меню навигации+

Жазык-процесстик кодекстин 73-беренесинин 4-бөлүгүндө ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

18.01.2017

 

2017-жылдын 18-январында Конституциялык палата “ишти өз алдынча карап жаткан судьяга билдирилген баш тартуу судья тарабынан жекече чечилип,..” сөздөр менен баяндалган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерди жана бул ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп чечим чыгарды.

 

 Өзүнүн чечимин Конституциялык палата төмөнкүдөй тыянактар менен негиздеп берди.

 

Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүндөгү жоболор аталган Кодекстин 70 жана 71-беренелеринде каралган негиздерди эске албастан судьядан баш тартуу жөнүндө маселени эркин чечүүнү карабайт жана судьяны иштин конкреттүү жагдайларына шилтеме жасабастан өзүнүн тыянактарын негиздеп берүү милдетинен бошотулбайт. Судьянын чечиминин адилеттүүлүгү жана бейтараптуулугу жазык-процесстик каражаттардын жана жогоруда турган инстанциялардын көзөмөлүн камтыган жол-жоболордун жыйындысы менен камсыз кылынат.

 

Судьядан баш тартууну канааттандырбоо жөнүндө судьянын токтому акыркы акт болуп саналбайт жана судьянын бейтараптуулугуна таасир этүүчү жагдайларды кийин жагында соттук текшерүүдөн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

 

Демек, судьядан баш тартуу арызынын жыйынтыгы боюнча судья өзү кабыл алуучу токтом акыркы мүнөзгө ээ эмес, анткени сот гана судьянын бейтараптуулугуна таасир этүүчү жагдайлардын болуусу тууралуу тыянак чыгарууга акылуу.

 

 

Отурумда төрагалык кылуучу         Эркинбек Тобокелович Мамыров

 

Судья-баяндамачы                                Курмантай Абдиев