Меню навигации+

Н.Б Садыковдун М.С. Бекбаевдин кызыкчылыгында Конституциялык палатанын 2017-жылдын 13-сентябрындагы аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

10.10.2017

2017-жылдын 20-июнунда Н.Б. Садыковдун М.С. Бекбаевдин кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313- жана 3131- беренелерин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин расмий тилде «может быть также вынесено» жана «может быть вынесено вышестоящим судом» деп берилген 19-беренесинин 3-бөлүгүндөгү ченемдик жоболорду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 381-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 383-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун «зарыл учурларда» деп берилген сөздөрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесине, 26-беренесинин 1-, 2- жана 4-бөлүктөрүнө, 27-беренесинин 3-бөлүгүнө, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

 

2017-жылдын 13-июлундагы Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарган.

 

2017-жылдын 10-октябрында Конституциялык палата Н.Б.Садыковдун М.С. Бекбаевдин кызыкчылыгында Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 13-июлундагы № 46 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусун карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырган.

 

Мында Конституциялык палата ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугунун презумпциясы күчүнөн улам, алардын конституциялуулугу жөнүндө маселенин коюлушу алардын конституциялуулугунда күмөндүүлүктү туудурган укуктук мүнөздөгү ынанымдуу жүйөлөр болгондо гана мүмкүн. Арыздануучунун жүйөлөрү укук колдонуучулук тажрыйбадагы проблемалар тууралуу гана күбөлөндүрөт, ал эми анын ой-жүгүртүүсү, ал шилтеме жасаган конституциялык ченемдер тутумдаш байланышы жок болуп абстракциялык мүнөзгө ээ. Демек, анын жүйөлөрү Жазык жана Жазык-процесстик кодексинин талашылып жаткан ченемдеринин конституциялуулугунда күмөндүүлүктү ырастаган укуктук аргумент катары карап болбойт.

 

Ошондой эле Конституциялык палата Жазык-процесстик кодексинин 383-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пункту конституциялык контролдоонун предмети болгон жана бул маселе боюнча эчак эле укуктук көз караш берилген. Конституциялык контролдоо органынын чечимдеринин милдеттүүлүгүнөн жана акыркы болуп саналганынан улам, аны толугу менен же кайсы бир бөлүгүн жокко чыгаруу максатында кайра карап чыгуу мүмкүн эмес.